12-июнда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети өкмөттүн отчётуна "канааттандырарлык эмес" деген баа берген жок. "Анда Сапар Исаков жумуштан мыйзамсыз кеттиби?" деген SUPER.KG порталынын соболуна "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов жооп берди.
Турускулов Сапар Исаковдун кызматтан кетиши мыйзамдуу экенин билдирди.
"Биз, үч оппозициялык фракция саясий баа бергенбиз. Кемчиликтерди далилдеп айтып бергенбиз. Конституциянын 85-беренесине ылайык, депутаттар укугубузду колдонуп, премьер-министрге ишенбөөчүлүк көрсөткөнбүз. Отчётко эмес, өкмөт менен премьер-министрге ишенбөөчүлүк көрсөткөбүз. Оппозициялык фракциялар ишенбөөчүлүк көрсөткөндөн кийин парламент колдоп берген", - деди Турускулов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Айнуру Алтыбаева, Алмамбет Шыкмаматов, Исхак Масалиев жана экс-депутат Равшан Жээнбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.