Экс-депутат Равшан Жээнбеков: "Өкмөт жакшы иштесе да мыйзам бузган премьер-министрге парламенттин ишеним көрсөтпөөгө укугу бар"

12-июнда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети өкмөттүн отчётуна "канааттандырарлык эмес" деген баа берген жок. "Анда Сапар Исаков жумуштан мыйзамсыз кеттиби?" деген SUPER.KG порталынын соболуна экс-депутат Равшан Жээнбековдун жооп берди.

Анын пикиринде, Исаковдун кызматтан кетиши мыйзамдуу, себеби анын жеке өзүнө айып тагылып жатат.

"Эгерде премьер-министрдин өкмөттөгү иши эң жакшы болсо да, ал коррупцияга же кандайдыр бир мыйзам бузууга Жогорку Кеңеш же укук коргоо органдары тарабынан күнөөлөнсө, анда ага парламенттин ишеним көрсөтпөөгө укугу бар. Өкмөттүн жеке өзүнө баа берилет. Укук коргоо органдары тарабынан күнөө коюлуп жаткан болсо, албетте, ал кызматынан алынат, анда органдар күнөө койбош керек болчу.

Биздеги өкмөт башчылардын баары эле бирдей иштейт, бири-биринен аз эле айырмаланат. Бүгүнкү өкмөттү кетиргенге деле себеп пайда болуп калды. Былтыркы жылга салыштырмалуу экономика начарлады. Былтыркы 5 айдын жыйынтыгы боюнча өлкөдөгү ички дүң продукциянын өсүшү 6,1 пайыз болчу, азыркы 5 айдын жыйынтыгы менен 0,7 пайыз. Азыркы өкмөт бир дагы ишти жасай алган жок, бир дагы экономикалык, саясий маселени чече алган жок", - деди Жээнбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Айнуру Алтыбаева, Алмамбет Шыкмаматов, Исхак Масалиев, Жыргалбек Турускуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан