КҮНСЕРЕП: Кыргыз мигранты дүйнө назарында

Бүгүн, 18-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Бишкек ЖЭБи кайрадан көӊүлдү бурууда. 16-июнда станция аймагында түтүк жарылып, анда жогорку басымдагы суу асманга бир топко чейин атып турду. Элде дароо ЖЭБде авария болду деген шектенүү жаралды. Анткени быйыл кыш чилдедеги ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсык, анын 7 күндүк азабы унутула элек.

Бирок "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясы ЖЭБде суу түтүктөрүн пландык текшерүү жүрүп жатканын, эч кандай авария болбогонун билдирди. Бул жооп жарандарды толук ынандыра албаганы интернеттеги талкуулардан көрүнүүдө. Эгер текшерүү үчүн жасалса, анда сууну дароо жаппай эмнеге карап турушту? Негизи жыл сайын шаарга ысык суу берүү 1 айга токтотулуп, оӊдоо иштери жасалат. Бирок шаардын көчөсүнө чейин суу каптаган мындай текшерүүнү, ЖЭБдеги гипер "фонтанды" шаардыктар биринчи жолу көрүштү. Текшерүүдө жарылдыбы же күтүүсүзбү, айтор, жылуулук борборунун түтүктөрүнө бекем ишенүүгө болбой турганы көрүндү.

Парламент депутаттары, эксперттер ЖЭБдеги суу түтүгү текшерүү учурунда жарылды дегенге ишенбей турушат. Мыктыбек Абдылдаев, Аалы Карашев, Аида Касымалиева бул окуяны териштирүү керек деген пикирде. Эксперт Расул Умбеталиев ЖЭБде түтүктүн жарылышы - чоӊ авария экенин айтат. Сайдулла Нышанов депутаттардан айырмаланып "Улуттук энергетикалык холдингдин" жообуна ишенди. Ал өлкөдө калп айткандар камалып жатышат, чиновниктер жалган айтканга барбай калышты деген позитивдүү ойдо. Энергетиктер ЖЭБдеги дагы бир аварияны жаап-жашырып жатышабы? 2017-жылы Бишкек ЖЭБи жаӊыланып бүткөнү жар салынып, бирок кышында шаардыктар 1 апта суукта калышты. Бул окуя расмий органдардын жообуна элде ишенбестикти, шектенүүнү күчөттү.

Бишкекте үйлөргө ысык суу берүү 21-майда токтотулган, 22-июнда кайра берилип баштаары күтүлүүдө. Жылда казынадан акча бөлүнүп Бишкек ЖЭБи кышка карата оӊдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Мисалы, быйыл оӊдоо иштерине 730 миллион сом бөлүү каралган. Ал эми УКМК станцияны былтыркы кышка даярдоого бөлүнгөн акча уурдалып кеткенин аныктап, факт боюнча кылмыш иши ачылган. УКМК уурдалган акчанын суммасын айткан жок, бирок жыл сайын бөлүнүп жүргөн акчаны караганда бул нөлү көп сумма экени түшүнүктүү. Жыл сайын миллиондор бөлүнүп жатканына карабай ЖЭБдин жабдыктары түгүл, имараты оор абалда калууда. Быйыл кыш чилдеде имараттын айнектери талкаланган, чатыры тешик абалда экени көрүндү. 386 миллион доллар жумшалган ЖЭБде түтүктөр дагы оор абалда экени, жогорку басымга чыдабай жарылып жатканы расмий түрдө айтылды. Бул окуядан улам Бишкектиктер жай чилдеде кышты ойлоно баштады...

Москвада Кыргыз жараны оор күнгө туш болду. 28 жаштагы Чыӊгыз А. унаасы менен топтолуп турган адамдарды сүзгөнү үчүн кармалды. Кырсыктан 8 адам жаракат алды. Айдоочуга карата "автоунаа каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузду" деп кылмыш иши ачылды. Мекендешибиз 1 айдан бери Москвада таксист болуп иштей турганын, кырсык болгон учурда рулда уктап кеткенин айтууда.

Бул окуяны ырбатып, башка нукка бурууга кызыкдар күчтөр да чыкты. Мисалы, орусиялык саясатчы, Екатеринбург шаарынын мурдагы мэри Евгений Ройзман окуяны теракт деп атады. Ал эми Орусиянын расмий органдары тарабынан бул термин колдонулган жок. Москванын мэри Сергей Собянин айдоочу рулду башкара албай кырсыкка кабылганын, окуяны жеке көзөмөлүнө алганын айтты. Чыӊгыз А. Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун тургуну. Убагында спорт менен алектенип, бир топ мелдештерде жеӊүүчү болгону белгилүү болду. Жакындары анын кылмыш жасай турган адам эместигин, болуп өткөн окуя 100 пайыз кырсык экенин айтышат. Кыргыз коомчулугу бул окуяда Чыӊгызды колдоого алып, ага жардам берүү чакырыктары айтылууда. Парламент депутаты Алмазбек Эргешов мекендешибиз атайын кылмыш кылбаганы көрүнүп турганын, бул окуяны дыкат иликтөө үчүн Тышкы иштер министрлиги менен Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигине кайрылуу жолдой турганын билдирди. Премьер Мухаммедкалый Абылгазиев аталган кырсыкта жабыркагандардан Кыргыз өкмөтүнүн атынан кечирим сурап, аларды ден-соолугун Кыргыз жеринде бекер калыбына келтирүүгө Кыргыз тарап даяр экенин билдирди. Жумушсуздук, айлык маянанын аздыгы, аргасыздык Кыргыз жарандарын чет жерге түртүүдө. 2017-жылы эмгек мигранттары Кыргыз мамлекетине 2 миллиард 482 миллион 200 миң доллар которушкан. Учурда ата-энеси чет жерде иштеп, өздөрү туугандарынын колунда жүргөн 24 миӊден ашык бала бар. Ал эми өлкөгө жаӊы завод-фабрика, иш орундарын түзүүгө жете турган акчалар ЖЭБдин мисалында 600 долларлык кычкач, 14 миӊ долларлык видеокамера сатып алынды болуп ар кимдин чөнтөгүнө кирип кетүүдө...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан