Энергетика маселелери боюнча эксперт Расул Умбеталиев: "ЖЭБдеги суу түтүгүнүн жарылышын ири авария деп эсептесек болот"

16-июнда Бишкек ЖЭБинин аймагында түтүк жарылган. "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясы ЖЭБде эч кандай авария болбогонун айтып, түтүктөрдүн жогорку басымга чыдамдуулугун текшерүү болду деп түшүндүргөн. SUPER.KG порталынын чын эле атайын текшерүү иштери болгонбу деген соболуна энергетика маселелери боюнча эксперт Расул Умбеталиев жооп берди.

Ал бүгүн-эртең шаарга ысык суу берилиши керек эле, бирок даярдыктын жок экени көрүнүп калганын айтты. "Бир айда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүшү керек эле. Оңдоо иштери бүткөндөн кийин шаарга ысык суу же муздак суу болобу, басым менен берип, анан текшерилет. Бүгүн-эртең шаарга ысык суу берилиши керек эле, бирок даярдык жок экени көрүнүп калды. Чоң түтүктүн жарылып кеткенин ири авария деп эсептесек болот", - деди адис.

Жогорку Кеңештин депутаттары Мыктыбек Абдылдаев, Аалы Карашев, Сайдулла Нышанов, Аида Касымалиева, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, ЖЭБдин мурдагы башчысы Лев Васильев, жарандык активист Жеңиш Молдокматовдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан