Бүгүн, 19-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиев Бишкек ЖЭБин жаӊылоо боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Экс-чиновник Кылмыш-жаза кодексинин "кылмышка шериктеш болуу" жана "коррупция" беренелери боюнча айыпталууда.
Мурунку өкмөт башчынын ысымы буга чейин да чуулгандуу иштерде аталып келген. Алгач ЖЭБ чырына көз жүгүртсөк. Сатыбалдиев 2012-2014-жылдары өкмөттүн башында турган. 2013-жылы Бишкек ЖЭБин жаӊылоо боюнча келишим "тез арада бекитилсин" деп Жогорку Кеӊештин кароосуна Сатыбалдиевдин колу менен киргизилген. Бишкек ЖЭБи чын эле жаңыланууга муктаж болгону, бирок Кытайлык компания менен болгон келишим Кыргыз тараптын кызыкчылыгына дал келбегени, ЖЭБди жаңылоодо 386 миллион доллардын кандай жумшалып жатканына көзөмөл кылууга Кыргыз тараптын укугу болбой калганы 5 жылдан кийин, аталган жайда кышында авария катталганда ачыкка чыкты. Иш аткаруучу катары кытайлык ТВЕА компаниясынын тендерсиз тандалып алынышына тиешеси бар, бул компаниянын кызыкчылыгын көздөгөн деген шек менен мурдагы премьер Сапар Исаков, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев баштаган бир топ мурунку-азыркы чиновниктер кармалып, учурда УКМКнын тергөө абагында отурушат. ЖЭБди жаӊылоодогу күмөндүү жагдайларды иликтеген депутаттык комиссия да Сатыбалдиевди негизги жооптуулардын бири деген корутундуга келген. Албетте, эл аралык ар кандай келишимдерди улуттук кызыкчылыкка дал келгидей иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү, милдети өкмөттө да, Жогорку Кеңеште да бар, бирок милдет тийиштүү деңгээлде аткарылбай калган учурлар көп. ЖЭБди жаӊылоо боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында бүгүн экс-премьер Темир Сариев 2-жолу суракка чакырылды.
Айта кетсек, 386 миллион долларды Кыргыз өлкөсү 2033-жылга чейин Кытайдын "Эксимбанкына" үстөгү менен кошо 500 миллион долларга жакын суммада кайтарууга тийиш. Карызды төлөө мөөнөтү 2024-жылы башталат.
Жантөрө Сатыбалдиев кандуу Июнь окуясынан кийин 2010-2011-жылдары Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясын жетектеген. Ишкана 2013-жылы январда жоюлду. 2 жарым жылда дирекцияга жалпы 11,5 миллиард сом түшүп, анын 6 миллиарды кандай пайдаланылганы тууралуу маалымат жок экенин, ал сумма казына аркылуу өтпөгөнүн депутаттык комиссия аныктады. Эсептөө палатасы дирекциянын ишине аудит жүргүзүү мүмкүн эместигин, анткени архивге өткөрүлгөн документтердин арасында эсеп китеби жок болуп чыкканын 2014-жылы билдирген. Донорлор берген акча казына аркылуу өтпөй түз жумшалганын Сатыбалдиев өзү деле моюнга алган. Ал эми дирекция курган үйлөрдүн сапаты, шектүү баалар өзүнчө сөз кылууга арзыйт. 2014-жылы парламенттеги "Ата Мекен" фракциясы ушул дирекциядагы шектүү жагдайларды жүйө кылып коалицияны уратып, Сатыбалдиевди өкмөт башчылыктан кетирген. Өмүрбек Текебаев менен ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев баштаган бийлик дирекциянын ишиндеги шектүү жагдайды Сатыбалдиевди отставкага кетирип, өкмөттү дагы бир ирет жаңылоо үчүн гана пайдаланып, бирок бул ишти иликтөөнү аягына чыгарууга аракет кылышкан жок. Мисалы, Башкы прокуратурага 3 айдын ичинде дирекциянын ишин иликтөө тапшырмасы берилгенине карабай жыйынтыгы элге айтылбай кала берген. Учурда коррупцияга каршы күрөш чын эле жүрүп жаткан болсо, аталган дирекцияны жетектеген маалы боюнча дагы Сатыбалдиевге суроолор жаралышы мүмкүн.
2014-жылы парламент депутаттары Сатыбалдиев Ош шаарынын мэри кезинде Ош шаардык төрөт үйүнө караштуу жерди ижарага мыйзамсыз берип жибергенин айтып чыгышкан. Бул боюнча да Башкы прокуратурага тапшырма берилген, аягы белгисиз. Сатыбалдиев Оштун мэри болуп 2001-2003-жылдары иштеген. Ал эми 2003-2005-жылдары президенттин энергетикалык коопсуздук боюнча атайын өкүлү болуп иштеди. Бул кызматтагы ийгилиги тууралуу Сатыбалдиевдин "мамлекеттеги 7 энергетикалык компаниянын башын бириктирген уюмду жетектедим. Дүйнөлүк банк коюп берген айлыктын негизинде расмий түрдө сомдук миллионер болгом" дегени бар. Энергетикадагы азыркы коррупциянын пайдубалы ошол Акаев, Бакиевдин доорунда түзүлүп баштаганын эске алганда Сатыбалдиев миллиондук айлыкты канчалык актап иштеди деген суроо туулат. Айтор, көп жылдар бою жогорку мамлекеттик кызматтарда жүргөн Жантөрө Сатыбалдиев тергөө органдары үчүн абдан "кызыктуу" персона...
Москва шаарында топтошкон адамдарды автоунаасы менен сүзүп кеткен Кыргыз жараны 2 айга камакка алынды. Мындай чечимди Таган райондук соту чыгарды. Мекендешибиз Чыӊгыз А. 16-августка чейин камакта болот.
Айдоочу кырсык болгонго чейин 20 саат уктабаганын айтып көрсөтмө берген. Орусиянын Транспорт министрлигинин жобосуна ылайык, айдоочулардын иш мөөнөтү жумасына 40 сааттан, күнүнө 7-8 сааттан ашпоого тийиш. Тынымсыз 8 сааттан ашык унаа айдаган айдоочулар, мисалы, таксист 10 саат иштесе, 20 саат дем алууга тийиш. Бирок бул талап дайыма эле сактала бербейт. Мекендешибиз адамдарды атайын сүзбөгөнүн, рулда уктап кеткенин айтууда.
Быйыл февралда Жогорку Кеӊештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу Казакстанда уюшкан кылмышка шектелип кармалганда айрым парламент депутаттары Дамирбек Асылбек уулун сотко жеткирбей Казакстандан алып чыгуу керек деп кайра-кайра маселе көтөрүшкөн. "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Алмазбек Эргешовдун мекендешибизди колдоп, социалдык тармакка жазган билдирүүсүн эске албаганда, Москвада Кыргыз жараны кырсыктап, адилеттүү чечим күтүп турган учурда мекендешибиздин маселесин көтөрүп чыккан депутаттар болгон жок.
Өлкөбүздөгү жумушсуздуктун азабынан чет өлкөлөргө, анын ичинде Орусияга иш издеп кеткен Кыргыз жарандары көп. Андай жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жеринен укуктук-маалыматтык колдоо көрсөтүү аксап жатат. ТИМ, Миграция боюнча кызмат жана элчиликтер чет жерде Кыргыз жарандары көп кабылган көйгөйлөрдү тизмектеп, кантип алардын алдын алуу керектиги боюнча жарандарга маалымат берүүнүн жеткиликтүү жолун издебей жаткандай.
Өлкөбүздүн ичинде жүргүнчү ташыган айдоочулардын канча саат иштеп, канча саат эс алып жатканын көзөмөлгө алган систем жок. Андыктан өкмөттө Орусияда кырсыкка кабылган мекендешибиздин окуясынан сабак алып, жүргүнчү ташууда жарандардын коопсуздугун камсыз кылууну көзөмөлгө алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү...