Осмонбек Артыкбаевге "Тез жардам" чакырылган эмес. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Осмонбек Артыкбаевге ден соолугуна байланыштуу "Тез жардам" кызматы чакырылды" деген маалымат чындыкка дал келбейт. Артыкбаевдин абалы туруктуу, эгер кокус ден соолугу начарласа, өзүбүз жардам көрсөтөбүз. Буга чейин деле "Тез жардам" чакырылган эмес", - деп билдирди басма сөз кызматынан.
Буга чейин жергиликтүү басылмалар УКМКнын СИЗОсунда жаткан мурдагы энергетика министри, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевдин абалы начарлап, "Тез жардам" кызматы чакырылганын жазып чыгышкан.
Эске салсак, Осмонбек Артыкбаевге 5-июнда "Бишкек ЖЭБди модернизациялоо" долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган.