Коррупция боюнча соңку кылмыш иштери ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголуп жатат. SUPER.KG порталынын паракорчулук бир гана ЖЭБде барбы деген соболуна "Бир бол" фракциясынан депутат Улугбек Ормонов жооп берди.
Анын пикиринде, коррупционерлерди камоо менен гана жазалоого болбойт.
"ЖЭБдин кышында аварияга учурашы чоң резонанстуу окуя болду. Ири суммадагы каражаттын туура эмес сарпталгандыгы элде чоң суроо-талапты жаратты. Албетте, башка тармакта да көп маселе бар. Бирок азыр иш ЖЭБ боюнча кетип жатат. Башка мекемедеги коррупциялык иштер резонанс жараткан жок. Мурдагы жетекчилерди камоо менен эле коррупцияга каршы күрөш башталды дегенден алысмын. Албетте, ЖЭБдеги коррупциялык иштер боюнча аракеттердин күчөшүндө депутаттык комиссиянын салымы бар", - деди Ормонов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Исланбек Сарсейитов, Мирлан Бакиров, Алтынбек Жунус уулу, Махабат Мавлянова, энергетиканын экс-министри Картайбек Мукамбетов, саясий серепчи Алмазбек Акматалиев, укук коргоочу Качкын Булатовдун пикири төмөнкү шилтемеде.