Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Тариэл Жоробеков ант берди

Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Тариэл Жоробеков ант берди.

"Жогорку Кеңештин депутаты болуп жатып, Кыргыз Республикасына берилгендигимди билдирип, мыйзамдарды так аткарууга ант берем", - деди Жоробеков.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Жоробековдун ишине ийгиликтерди каалады.

Ал "Республика-Ата Журт" фракциясынан Болотбек Раимжановдун ордуна депутат болуп келди. Раимжанов 13-июнда Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы болуп дайындалган.

Жоробеков буга чейин Талас районунун Долоно айыл аймагынын башчысы болуп эмгектенип келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан