Депутат бажы кызматынын төрагасынан Ош бажысындагы төлөмдөр көбөйгөн боюнча сакталып турабы деп суроо берди

Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Руслан Казакбаев мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбековдон Ош бажысындагы төлөмдөр көбөйгөн боюнча сакталып турабы деп сурады. "Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, мурдагы бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовдун убагында Ош бажысындагы төлөмдөр он эсеге көбөйгөн. Көрсөткүч ошол боюнча сакталып турабы же азайдыбы?" - деп сурады Руслан Казакбаев.

Аталган кызматтын төрагасы Алмаз Оңолбековдун айтымында, январь-февраль айларында Кытайдан келген импорттон улам бажы төлөмү көбөйгөн. "Ал эми март-апрель айларында 2017-жылдагы көрсөткүч боюнча турат. Төлөмдөр ошол боюнча сакталат жана бир аз көбөйтүлүшү мүмкүн", - деди Оңолбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан