Депутат Байпакбаев: "Экономикалык кылмыштуулук боюнча кармалгандардын мүлктөрүн калтырбай сыйрып алуу керек"

"Экономикалык кылмыштуулук боюнча кармалгандардын мүлктөрүн калтырбай сыйрып алуу керек", - деп бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Экмат Байпакбаев билдирди.

Анын айтымында, мындан улам башкалар уурулук кылбай калышат. Жыйында Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору каралып жатат. "Бул мыйзам долбоору кабыл алынса, бюджетке пайдалуу болот. Бүгүнкү күндө башкалар үчүн жакшы болуп, бюджет зыян тартып жатат. Мыйзам долбоору боюнча, салыктар бирөөнүн чөнтөгүнө эмес, бюджетке түшүп баштайт", - деди Байпакбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан