Олег Панкратов: "Кыргыз мамлекети Орусияга каршы санкцияга жооп катары АКШнын товарларына чектөө киргизбейт"

"Кыргыз мамлекети Орусияга каршы санкцияга жооп катары АКШнын товарларына чектөө киргизбейт", - деп бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында экономика министри Олег Панкратов билдирди.

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Исхак Масалиев АКШ бир канча өлкөлөрдүн товарларын импорттоого төлөм киргизгенин белгиледи. "Кыргыз мамлекети мындай чараларга жооп кайтарабы", - деп сурады Масалиев.

Экономика министри Олег Панкратов: "Бул эки мамлекеттин мамилеси болгон үчүн жооп кайтарбайбыз. Кыргыз мамлекети үчүн мындай чаралар киргизилген жок. Азыр бир чара көрө турган болсок, алар дагы бизге жооп кайтарышы мүмкүн. Бизге андайдын кереги жок", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан