"Ата Мекен" фракциясынан депутат Наталья Никитенко эки жума мурун экс-президент Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиевдин мүлктөрү тууралуу маселени көтөргөнүн айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Никитенко Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматтын төрагасы Айбек Кадыралиевден "эки жумада суроого жооп болдубу?" деп сурады.
Айбек Кадыралиев 2013-жылдан 2016-жылга чейин Улуу Британияга 21 суроо-талап жөнөтүлгөнүн билдирди. "Жетиштүү негиз жок деп суроого жооп берүүдөн баш тарткан жооп келген. Эки жума мурун айтылган сөздү эске алып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жана Башкы прокуратура менен биргеликте иш алып барууну туура көрдүк”, - деди Кадыралиев.