Депутат Маматалиев күйүүчү майдын баасынын кымбатташы боюнча өкмөт тийиштүү иш жүргүзүшү керектигин айтты

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Марлен Маматалиев күйүүчү майдын баасынын кымбатташы боюнча айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Күйүүчү майдын кымбатташынан азык-түлүктөрдүн, жол киренин баасы жогорулашы мүмкүн. Азыр эл кыйналып жатат. Өкмөт, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги тез арада тийиштүү иштерди жүргүзүшү керек. Азыркы учурда дүйнөлүк рынокто нефтинин баасы түштү", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан