Бүгүн, 27-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, мамлекет башчы жыйында сөз сүйлөөсү күтүлүүдө. Ал эми айрым маалыматтар боюнча, президент парламентке кээ бир өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышуу үчүн келет.
Эске салсак, президент Жогорку Кеңештин жыйынына акыркы жолу Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтүнүн курамы ант бергенде, тагыраагы, 25-апрелде катышкан.
Жогорку Кеңеш июнь айынын соңунда каникулга кетет.