Талас. Кара-Суулук жаш балбан Орусиядан байгелүү кайтты
Жакында Орусиянын
Санкт-Петербург шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча эл аралык өспүрүмдөр
арасындагы мелдеште Талас районунун Кара-Суу айылынын тургуну, 6-класстын окуучусу
Каныбек уулу Эрмек III байгелүү орундун ээси болуп кайтты. Кошумчалай кетсек, Влад
Заики атындагы Эл аралык мелдеш жылына өткөрүлүп, ага КМШ өлкөлөрүнүн жаш
балбандары катышып, күч сынашып келишет.