Бишкектеги эң даамдуу суши, роллдор кантип даярдалат (сурамжылоонун жыйынтыгы)

SUPER.KG порталы бир апта бою "Бишкекте эң даамдуу суши, роллдор кайсы жерде жасалат?" деген сурамжылоо жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында 3 жай алдыга суурулуп чыкты. Алар:

1. "Империя суши"

2. "Две палочки"

3. "Суши WOK"

Борбор калаанын тургундары "эң даамдуу" деп баалаган алдыңкы 3 жайга барып, япон ашканасынын сыры менен тааныштык.

Сурамжылоодо 1-орунду ээлеген "Империя суши" тамактануучу жайынын көп жылдан бери иштеп келе жаткан кызматкери кубанычын жашыра албай, Бишкек шаарынын тургундарына ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле тамактануучу жайдын, япон ашканасынын сыры буларда экенине токтолду.

"Биз суши, роллдорду даярдоодо эң биринчи күрүчкө басым жасайбыз. Андыктан күрүчтү бышырууга чоң маани беребиз жана аны бышыруунун өзгөчө ыкмасын пайдаланабыз. Ар бир эле шеф-повар өзүнүн сыры менен бөлүшө бербесе керек. Анан, албетте, жаңы, таза бышкан азыктарды колдонобуз. Ошондой эле азык-түлүктөрдү тынымсыз текшерип, колдонууга болот же болбойт деп тыкыр көзөмөл кылып турабыз. Биздин даамдуу суши, роллдорубуздун сыры ушундай жөнөкөй иш-аракеттерде", - дейт ал.

Ал эми япон даамдарын сүйүп жегендердин тандоосу менен экинчи орунга ээ болгон "Две палочки" суши, роллдор түйүнүнө кайрылдык. Бул жайдын жетекчиси Улукбек Сайипов шилекейди чууруткан суши, роллдорду даярдоонун сырлары менен бөлүштү.

"Эң эле маанилүүсү - бул күрүчтүн даярдалышы. Тагыраагы, алгач күрүчтү эзбей, тегиз калыпта бышырып, андан кийин атайын соусту кошобуз. Андан соң соус кошулган күрүчтү бир температурада муздатып, аны бир нече убакытка коюп коюу керек. Бул айтылган процесстердин бардыгы маанилүү.
Экинчиден, суши, роллдорго керектелүүчү бардык азыктар жаңы бышкан болушу абзел. Ал эми үчүнчүдөн,
биз ар бир кардардын суроо-талабын аткарып, айткан дарегине чейин жеткирип беребиз. Жеткирип гана тим болбостон сапаттуу желим идиштерди алып, тыкан кылып салып, өз убагында жеткиребиз. Ушул аракетибиз үчүн кардарлар бизди тандайт деген ишенимдебиз", - дейт Сайипов.

Сурамжылообуздун жыйынтыгы боюнча үчүнчү орунду камсыздаган "Суши WOK" суши, роллдор борборуна байланышуу мүмкүн болгон жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан