"Осмонбек Артыкбаевдин жүрөгүнө операция жасоо үчүн даярдыктар көрүлүүдө" дейт жактоочу

Депутат Осмонбек Артыкбаевдин жүрөгүнө операция жасоо үчүн даярдыктар көрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда SUPER.KG порталына анын жактоочусу Айжан Орозакунова билдирди.

Анын айтымында, Артыкбаевдин абалы оор. "Учурда Артыкбаев дарыланып жатат. Абакка алынганда эле ден соолугу начарлаган болчу. Дарыгерлер ооруканага жаткыргыла деп айтышкан. Бирок ушул убакытка чейин кармашып, Артыкбаевдин оорусу күчөп кеткен. Азыр ооруканада жатат. Операция качан жасала турганы белгисиз", - дейт жактоочу.

Эске салсак, Осмонбек Артыкбаевге 5-июнда "Бишкек ЖЭБди модернизациялоо" долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган.

Биринчи Май райондук соту Артыкбаев тергөө иштери аяктаганга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында болот деген чечим чыгарган. Артыкбаевдин жактоочусу анын ден соолугуна байланыштуу баш коргоо чарасын өзгөртүү үчүн Бишкек шаардык сотуна арыз берген. Шаардык сот Артыкбаевдин баш коргоо чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Улуттук кардиология борбору билдиргендей, Артыкбаев бир жумадан бери ооруканада жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Dalil
2018-07-10 19:12:11
Ошол диагнозду врач туура койдубу жокпу аны да текшерген тарап болобу? Эгер бир врач оорукчан десе эле сопсоо киши оорукчан болуп кала береби? Жалган диагноз койгон врачка да жаза каралабы? Батукаевди 1 жылга жетпей өлөт деп диагноз коюп анын боштондукка чыгышына себепчи болгон даарыгер эмнеге жоопко тартылбайт? 5жыл болсо да 10 жыл болсо да депутат болгондо оорубаган чоңдорубуз эмнеге жоопкерчиликке келгенде ооруп калышат? Эмнеге???
+11
Dalil
2018-07-10 19:13:54
Ооруса да жасаган ишине жооп берсин!
+4
aiba.8327
2018-07-10 19:28:06
Мал мулкун мамлекетке откоргуло андан кийин орумактан омуран калсын ....
+6
Akyl.UM.kg
2018-07-10 20:00:38
Оорусаныз таарынам
Оорусаныз таарынам
Оорубаныз ии оорубаныз
+4
Petrovka
2018-07-11 09:00:53
Akyl.UM.kg,жардыныз го тим эле ичим эзилип калды))))))
0
almanbetperm
2018-07-10 22:31:05
Каргыш жаман нерсе,элдикин жеген кандай болот экен?
+2
Nestana95
2018-07-11 02:31:12
Эмнеге эле дооруп ойду тоону суйлой берет,ак уйго отуруп алып десе...корсо оорукчандар экен да баарысы..тобоо кылдым .. камакка алынды дегенде туз эле приступ берип..журогу кармап....кыйындар..эмне дейбиз
+4
eddi.
2018-07-11 07:53:18
Биздин жеп жутарлар баардыгы оорукчандар,соо адам жок
+4
Nurkyz1977
2018-07-11 08:58:30
Бир эле жеген Артыкбаев эместир мумкун ооруса ооруп калгандыр дартына дабаа тилеп койгула. Кыйынчылык корбогон ак колдор биртке башына иш тушсо катуу ойлонуп журогуно куч келтирип алгандыр. Оной эмес да турмо деген,карапайым биз деле болбогон нерсеге капа болсок жок дегенде башын ооруп чыгатко. Байлык,бийлик ошончолук жук туйшук,булар оорубаганда ким оорумак эле.
+1
fanatka19
2018-07-11 09:51:25
врачтарга акча берсе соо журогун, соо опкосуно бат эле операция жасап койот.
+2
nelli
2018-07-11 10:07:44
Биздин мамлекеттик жепжутаттарды болуш керек. Таланттууларын театрга калгандарын больницага. Байкуштар таланттарын ачып, байкуштар лечение алып келишсин...
0
altyn7776
2018-07-11 10:24:04
Ооруса мулкун конфискациялап, тыкыр козомолдо болуп туруусу керек. Жээрин жеп алып, анан кутулуп кетишпей. Деги эле ажого болгон ишеним кайра очуп бараткандай...
0
Kattaldym
2018-07-11 10:30:43
Para alyp, ichip jep atkan maalda jurogunor karmap jygylyp kalsanar kana. Karmalbasa dal'we ichip jep oguzdoy bolup juro bermek da...
0
bekmirzach
2018-07-11 10:50:34
Ушулар эле адамды куйгузду жаман ХХХХХХХХХХ кан басымы жогорулап кетет жээ астма болуп кетишет жээ дагы бирдемке . Бир эркекетерге окшоп колунар менен жасаган ишинерди мойнунар менен тарткыла да . Ар турдуу фокусунарды корсото бербей .ХХХХХХХХ
0
Fatimka
2018-07-11 11:05:30
Аман болуңуз, жакшы болуп кетиңиз.
0
bekmirzach
2018-07-11 11:06:30
Удивительно что чиновники во власти у нас сидят одни тяжелобольные люди! Стоит только их посадить и выявляются у всех тяжелые заболевания и как только они умудряются управлять страной!
-1
Fatimka
2018-07-11 11:07:58
Өзү жегендерди мүлкүн конфискациялап, мамлекетке алып туруп эле, мамлекеттик кызматка иштетпей турган кылып койсо болмок. Камап, кайра ооруду деп чыгарып отурбай эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан