Бүгүн, 11-июль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында көңүл бурчу жагдай пайда болду. Коррупция беренеси боюнча айып тагылып, 5-июнда камакка алынган мурдагы премьер Сапар Исаковго Нурбек Токтакунов адвокаттык кылып келгендиги маалым. Ал жактоочулугун баштаары менен УКМКнын тергөөчүсүнүн үстүнөн сотко арыз берген. Даттанууга тергөөчүнүн иш боюнча материалдардын көчүрмөсүн жактоочуга бербей койгондугу негиз болгон. 4-июлда бул иш Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда каралып, судья “тергөөчүлөр жактоочуларга иштин материалдарынын көчүрмөсүн бербесин” деген токтом чыгарган. Ал эми УКМК жактоочунун сөзүн калпка чыгарып, тергөөчүлөр Кылмыш-жаза кодексине ылайык иш жүргүзүп жатканын билдирген эле.
Мындан көп өтпөй, 9-июлда жактоочу Нурбек Токтакунов “УКМКнын тергөөчүлөрү Соттук-эксперттик кызматынын кызматкерлерине кысым көрсөтүүдө” деп чыккан. Адвокаттын айтымында, Талант Мамбетбаев аттуу эксперт күнөөлөөгө дал келбеген жыйынтык чыгарган, бирок ага УКМКнын тергөөчүлөрү макул болбой, аны суракка алган. Бул окуяны тактоо үчүн ал УКМКга кат менен, Башкы прокуратурага арыз менен кайрылган. УКМК өз учурунда жактоочунун бул маалыматын да чындыкка дал келбейт деп жооп берген. Андан ары УКМК эксперттик комиссия жыйынтык чыгарып жатканда нускаманын талаптарын, "Соттук-эксперттик ишмердүүлүк жөнүндө" мыйзамын бузган деп, "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу", “кызматтык жасалмалоо” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгонун маалым кылды.
Бүгүн, 11-июлда Башкы прокуратура Соттук-эксперттик кызматтын эки жетекчиси жана бир кызматкери козголгон кылмыш иштин негизинде камакка алынганын жарыялады. Прокуратуранын маалыматына караганда, эксперттик топ ЖЭБди жаңылоодогу коррупцияны иликтеш үчүн документтерди иликтебей, 25-июнда мыйзам бузуу жолу менен туура эмес жыйынтык чыгарышкан. Ал бүтүмдө “Бишкек ЖЭБиндеги жаңы энергетикалык блокторду куруу учурундагы аткарылган иштердин сапаты бардык талаптарга жооп берет” деп жазылган. Экспертиза жүргүзгөн мамлекеттик мекеменин кызматкерлери мыйзам бузуу фактысын таба албай коюшкан. Тагыраагы, Бишкек ЖЭБин жаңылоодо жабдуулардын, аткарылган иштин баасы атайын жогорулатып көрсөтүлгөнүн аныктай алышкан эмес. Соттук-эксперттик кызматтын эки жетекчиси жана бир кызматкерине кылмыш иши козголгону белгилүү болгон соң жактоочу Нурбек Токтакунов социалдык тармактагы баракчасына “мына, УКМК эксперттерге кысым көрсөтүп жатканын далилдеди. Мындай атайын кызмат жана мындай Башкы прокуратура – бул президент үчүн курулган тузак” деп жазды. Учурда кайрадан экспертиза дайындалганы белгилүү болду.
Эске сала кетсек, Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча ачылган кылмыш иштери боюнча баш-аягы 10 адам камакка алынган. Алардын арасында эки мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаков, Бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматов, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев, "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев жана башкалар бар. Коррупцияга шектелип УКМКнын абагында жоон топ аткаминерлер отурганы менен, бүгүнкү күнгө чейин мамлекет канча суммага зыян тартканы айтыла элек. Эксперттер бул сумманы аныктай албай жатышкан көрүнөт...