Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 27-июндагы жыйынында депутат Эсенгул Исаков акыйкатчы өзүн начар сезип жаткандыгын билдирди. “Турсунбай Бакир уулу менен Турсунбек Акундун жеке тиреши Жогорку Кеңешке чейин жетип, эми минтип адамдын ден соолугуна коркунуч жаралды. Ооруп жаткан адамдын бул жерге келүүсүн талап кылдык, ооруканага чейин чалдык. Кечээ дарыгерлер “акыйкатчынын ден соолугуна байланыштуу тынчын албагыла” деп эскертти эле”,- деди эл өкүлү.