Бүгүн, 26-июль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Арменияда өкмөт башына келгенине 2 айдан ашкан Никол Пашиняндын бул убакыт аралыгында жасап жетишкен иштери мактоого алынууда. Өлкөнүн ЖМКлары Пашиняндын кыска убакытта чечкиндүү кадамдарга барып, элдин ишенимин арттырганын жазып чыгышты. Ал премьерликке 2018-жылы 8-майда шайланган. Арменияда кандай өзгөрүүлөр болду?
Экс-президент, ошол учурдагы өкмөт жетекчиси Серж Саргсян башында турган команда Армениядагы элдик толкундоолордун айынан бийликтен кеткен. Жаӊы келген Пашиняндын бийлиги 2 айдын ичинде таасирдүү кызматтарды Саргсяндын "Армения республикалык партиясынын" (АРП) кадрларынан тазалады. Акыркы болуп Ереван шаарынын мэри Тарон Маргарян иштен алынды. Элдин колдоосу менен бийликке келгендер эл менен эсептешүүгө милдеттүү эле. Өлкөдө Саргсяндын партиясына байланышы бар бардык супермаркеттерге бойкот жарыяланып, натыйжада алар азык-түлүктүн баасын арзандатууга аргасыз болушту. Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш чечкиндүү жүргүзүлүп, 30 кылмыштуу топтун лидеринин үйү тинтүүгө алынган. Армениялык ЖМКлардын маалыматы боюнча алардын көбү чет жерге качышты. "Кызмат абалынан кыянат пайдаланды" деп айыл башчыларына карата 71 кылмыш иши ачылды. Иш графигинин тыгыздыгына карабай Пашинян күн сайын интернет аркылуу эл менен түз байланышка чыгууну салтка айландырды. Жакыр үй-бүлөлөргө электр жарыгы үчүн төлөмдү 10 драмга (1 сом 41 тыйын) арзандатса, "Газпром Армения" ишканасын газга болгон бааны жакыр үй-бүлөлөр үчүн 20 драмга (2 сом 82 тыйын) арзандатууга мажбур кылды. Чек ара кызматынын жетекчиси, Башкы штабдын башчысы жана Тоолуу Карабак районунун күч түзүмдөрү алмаштырылды. Сыртта жүргөн армян элинин өз өлкөсүнө кайтуусу үчүн бир нече долбоорлор иштелип чыккан. Мунун баары 2 айда жасалган иштер. Ал эми Армения сыӊары эле ЕАЭБде мүчө Кыргыз өлкөсү сырттагы жарандарын өлкөгө кайтармак тургай, тышка кетип жаткан жарандардын агымын токтото элек.
Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөт башчылыгына келгенине 100 күн болуп калды. Жаӊы ишке киришкенде Абылгазиевдин катардагы авиакаттамда, эл менен чогуу бир учакта Ошко учуп барганы коомчулукта жылуу пикир жараткан. Көп өтпөй жергиликтүү ЖМКларда "премьер кортежден баш тартууну чечти" деген маалымат жарык көрүп, бул кабар дагы эл арасында өкмөт башчынын элге жакындыгы деп кабыл алынган эле. Бирок мындай пиар маалыматтардын позитивдүү таасири көпкө узабайт. Элге натыйжалар керек. Кийинчерээк Өзгөндө Абылгазиевдин кортежиндеги унаалардын бири автокырсыкка учурап, муну менен өкмөт башчысы кортежден баш тартпаганы белгилүү болду.
Азыркы өкмөттүн тушунда эмне иштер жасалды? Өкмөт менен "Центерра" компаниясы жаӊы сүйлөшүүлөрдү баштады. Абылгазиев буга чейинки бардык премьерлер сыяктуу "Кумтөр" боюнча улуттук кызыкчылык биринчи орунда турушу керектигин айтып келген. Ошондой эле премьер Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлдөрүнө ипотекалык насыялардын үстөк пайызын 6 пайызга чейин түшүрүү тапшырмасын берген. Азыркы тапта насыянын эӊ ылдыйкы чеги 8 пайыз.
Убагында Бабанов автоунааларды техникалык кароодон өткөрүүдөгү коррупцияны токтоткон сыӊары, Сапар Исаков бүт тармакты санариптештирүү демилгесин көтөргөн сыңары азыркы премьерден жаӊы демилге байкала элек. Азырынча Абылгазиевдин иши боюнча реалдуу өзгөрүүлөргө караганда "тапшырма берди", "талап кылды" деген өӊдүү сөздөр басымдуу. Ал эми анын жакында Бишкекте таза суунун тарифин көтөрүү сунушу коомчулукта нааразычылык толкунун жаратты. Ал "аймактарды таза суу менен камсыздоону жакшырталы десек, анда тарифтерди сөзсүз кайра карап чыгуу зарыл" дейт. Бул жакында Грузияга иш сапары менен барып, ал өлкөдөгү реформалар менен таанышып келген өкмөт башчынын сунушу. Ал эми Грузия бийлиги акыркы жылдары өлкөдө коррупцияны кантип тыйып, элге кандай жеӊилдик, ыӊгайлуулук түзүп бергени белгилүү.
Кыргыз өкмөтүнө караштуу Маалыматтык технология жана байланыш агенттигинин ар бир уюлдук телефонду каттоого алуу, ал үчүн 100 сомдон төлөм алуу демилгеси ансыз да жарк эткен демилгеси менен эл оозуна алына албай турган Абылгазиевдин өкмөтүн ыӊгайсыз абалга кептеди. Super.kg порталы Абылгазиевдин өкмөтүнүн иштеп баштаганынын 100 күндүгүнө карата собол салып, суроого жооп беришкен Жогорку Кеӊештин депутаттарынын көбү 100 күн аз, Абылгазиев жыйынтык көрсөтүшү үчүн дагы убакыт берүү керек деген пикирлерин айтышты. Кыргыз өлкөсү 27 жылдан бери "убакыт берели" деген доордо калып, жылбай калгандай...