Саясатчы Равшан Жээнбеков элди жашыруун аймактык кландарды жылдырган мэрлерге каршы турууга чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-июлда социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.
"Кландардын жабык, жашыруун сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы менен мэрликке, жогорку мамлекеттик кызматка бараткан адамдардын баарына коомчулук, массалык маалымат каражаттары, жарандык коом, саясатчылар жана Бишкек шаарынын тургундары каршы болушу керек. Мамлекеттик жогорку кызматтарга, өзгөчө Бишкек шаарынын мэрлигине, ачык талкуу менен так критерийлерлердин негизинде гана кадр сунушталса туура болот. Мэр коомго позитивдүү жагынан таанымал, Бишкек мэриясы аркылуу ишкерликке тиешеси жок, так саясий позициясы бар адам болушу керек. Мэр бул эскиден кабыл алынып калган чарбалык кызмат эмес. Мэр - саясий, маанилүү кызмат. Мэр - реалдуу, өлкөдөгү маанилүү 5 кызматтын бири. Париждин мэри Жак Ширак Франциянын президенти болгон. Лондондун мэри Борис Жонсон Англиянын тышкы иштер министри болду. Келечекте премьер-министр болот. Лондондун азыркы мэри Садик Хан, лондондуктардын Трампка каршы митинг өткөрүүсүн ачык колдогон мэр.
Бишкек - биринчи кезекте шаардыктардыкы, Кыргыз мамлекетиники. Борбор шаар аймактык кландардын менчиги эмес.
Баарыңар жабык, жашыруун аймактык кландарды жылдырган мэрлерге каршы турушуңар керек", - деп Жээнбеков кайрылуусунда жазды.