КҮНСЕРЕП: Данияр Үсөнов кыргыздын бозгун саясатчыларына кантип "өлүп" кайра "тирилүү" керектигин көрсөттү

Бүгүн, 30-июль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Беларусь ЖМКлары Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы премьери Данияр Үсөновду "таап чыгышты". Болгону ал эми Данияр Үсөнов эмес, Даниил Урицкий. Тааныгандар дароо анын Апрель төңкөрүшүнөн кийин Кыргыз өлкөсүнөн качып кеткен өкмөт башчысы экенин айтып чыгышты. Ал журналисттердин "сиз Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы премьери Данияр Үсөновсузбу?" - деген суроосуна "аны кыргыздардан сурагыла. Мен Кыргыз өлкөсүнүн премьери болгон Данияр Үсөнов 2013-жылы Малайзияда өлгөн деп уккам" деп жооп узаткан. Белгилүү болгону - учурда Даниил Урицкий ысымдуу Данияр Үсөнов "Беларусь улуттук биотехнологиялар корпорациясын" жетектейт.

Бул корпорация Бакиевдерге таандык деп Беларусь ЖМКлары 2016-жылы эле жазып чыгышкан. Корпорация президент Александр Лукашенконун буйругу менен түзүлүп, 2016-жылы каттоодон өттү, баасы 1 миллиард доллар турган бул долбоордун артында Курманбек Бакиев жана анын балдары турат деп айтылган эле. Бүгүн ал корпорацияны Бакиевдин жакын чөйрөсүндөгү Данияр Үсөнов жетектеп жүргөнү аталган корпорация менен Бакиевдердин чын эле байланышы бар экенин тастыктайт.

Мурдагы премьер Данияр Үсөнов 2010-жылкы Апрель окуясынан кийин өлкөдөн чыгып кетип, кийин Бишкек гарнизондук соту сыртынан өмүр бою эркинен ажыраткан адам. Бөтөн жерде баш калкалап жүргөн, сот жазасын тарта элек кылмышкер. Андыктан Данияр Үсөновдун Лукашенконун буйругу менен түзүлгөн корпорациянын башчысы катары коомчулукта пайда болушу азыркы Кыргыз-Беларусь мамилесинин күзгүсү катары бааланды. Үсөнов боюнча ТИМ Беларуска нота жөнөтүп, Кыргыз соту соттогон экс-чиновниктердин Беларуста жашап, ээн-эркин иш жүргүзүп жатышы өлкөлөр ортосундагы келишимдерге каршы келерин билдирди. Кылмышкер Бакиевдерди калкалап жатат деген сынды Беларусь бийлигине президент кезинде Алмазбек Атамбаев дагы айтып, Бакиевдерди өткөрүп берүүнү сунуштаган. Бирок Беларусь тараптан оң жооп болгон эмес. Кыргыздын тийиштүү органдары жана Кыргыз бийлиги нота жиберүү, сунуштоодон ары чечкиндүү кадамдарга барбай келе жатат.

Башкы прокуратура менен УКМКнын өткөн айдагы иши менен бүгүнкү окуяны салыштыргандар көп. Быйыл Бишкекте оппозициялык маанайдагы Казакстандын жарандык активисти Муратбек Тунгышбаев кармалып, Казакстандын өтүнүчү менен ал өлкөгө өткөрүп берилди. Кыргыздын бул кадамы "Human Rights Watch" эл аралык укук коргоо уюмунун сынына кабылып, Кыргыз тарапты эл аралык милдеттенмелерди аткарбай жатат деп күнөөлөдү. Бул уюм Тунгышбаев Казакстанга өткөрүлсө куугунтукка, балким, кыйноолорго кабыларын эскертип, Кыргыз өлкөсүн аны өткөрүп бербөөгө чакырган эле. Айрым саясатчылар Бакиевдерди, алардын жан-жөкөрлөрүн Кыргызга кайтарып алууга азыркы бийликте мүмкүнчүлүк бар экенин, бирок кызыкдар эместигин айтып жатышат. Жиберилген нотанын жообун күтүү керек дегендер дагы бар. Буга чейин "Бакиев биздин жаран, аны өткөрүп бербейбиз" деп жооп берген Беларусь тарап Үсөновду деле "ме" дебей турганы түшүнүктүү.

Ушундай окуялардан улам Кыргыз бийлигин Беларусь менен мамилени үзүүгө чакыргандар болууда. Кыргыз өлкөсү менен Беларусту эмне байланыштырып турат? Өлкөлөр 25 жылдан бери дипломатиялык алакада. Кыргыз жериндеги Беларусь элчилигинин маалыматы боюнча, ушул тапта Кыргыз жеринде Беларустун 50дөн ашуун мекеме ишканасынын өкүлчүлүктөрү иштейт. Эки өлкө теӊ 2015-жылдан бери Евразиялык экономикалык союздун мүчөсү. 2017-жылы Кыргыз-Беларусь өлкөлөрүнүн ортосунда товар жүгүртүүнүн суммасы 123 миллион доллардан ашкан. Кыргыздын негизги өнөктөштөрү Кытай, Орусия, Казакстанга салыштырганда бул чоң көрсөткүч эмес. Негизинен, Беларустан Кыргыз жерине сүт азыктары, трактор, оор жүк ташуучу техникалар, кумшекер, автоунаа тетиктери, эт, эмерек өӊдүүлөр экспорттолот. Азыркы бийлик Бакиев жана анын командасын өлкөгө кайтаруу боюнча чечкиндүү кадамдарга барабы же нота жиберүү менен дагы 6 жылды өткөрөбү? Кантсе да бул иштердин артында ушул бийликти өлкө башына алып келген 100гө жакын жарандын өлүмү жатат...

Абакта отурган экс-чиновникти Бишкектин тургундары өзгөчө ыкма менен куттукташты.

Учурда УКМКнын тергөө абагында отурган мурдагы премьер Сапар Исаков 29-июлда 41 жашка чыкты. Бул күнү Исаковдун тарапташтары "Сапар Исаковдун туулган күнү менен!" аттуу акция уюштурушту. Бишкекте сейил бактардын бирине атайын тактай орнотулуп, бардык каалоочулар Исаковго туулган күнүнө карата өз куттуктоосун жазып, тактайга илип жатышты. Уюштуруучулар куттуктоолордун баары Исаковго жеткирилет дешет. Коом менен байланышы чектелип абакта отурган Исаковго өзү таанып-тааныбаган адамдардын атынан куттуктоо алганы жагымдуу болгондур...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан