Апрель окуясында 100гө жакын адамдын өлүмүнө күнөөлүү делген негизги адамдар ээн-эркин жүрүшөт. SUPER.KG порталынын "Бийлик аларды жоопко тартууга кызыкдар эмеспи?" деген соболуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин 2010-2011-жылдардагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жооп берди.
Дүйшөбаев азыркы бийлик кылмышкерлерди кармап келүүгө кызыкдар болсо да, бийликтин колу кыска экенин айтты.
"Башка өлкөлөр менен биздин өлкөнүн эки тараптуу келишимдери бар. Ошолордун негизинде кандай гана маселе болбосун аны кабыргасынан коюп, издөөдөгү кылмышкерлерди биздин өлкөгө өткөрүп берүү боюнча башка өлкөлөрдөн талап кылууга толук укугубуз бар. Азыркы бийлик Апрель окуясына тиешеси бар деп издөөдө жүргөн адамдарды кармап келүүгө канчалык кызыкдар болсо да, тиши мокок, колу кыска болуп жаткандай сезилет. Бирок башка өлкөнүн издөөдөгү кылмышкерлерин кармап берип, алардын өтүнүчүн аткарат да, биздин издөөдөгү кылмышкерлерди ала алышпайт. Мисалы, Апрель окуясына катышы бар делген адамдардын баары кылмышкер деп жарыяланып, аларга карата тиешелүү өкүм чыккан. Ага карабай укук коргоо органдары тарабынан иштер аткарылбай жатат. Биздин укук коргоо органдары жана күч органдары тиешелүү деңгээлде иш алып барып, бул иштердин аягына чыгуусу керек деп эсептейм. Бирок бул иштердин аткарылышына күч органдарынын компетенттүүлүгү, иш билгилиги жетишпей жаткандай ой калтырат. Ал эми саясий жагын айтсам, мен көп жылдан бери укук коргоо иштеринен алыстап калганым үчүн саясий себептерин ичинен билип айта албайм", - деди Дүйшөбаев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Абдывахап Нурбаев, 2010-жылы Апрель окуясынын убагында УКМКнын төрагасынын орун басары болуп турган Артур Медетбеков, 2010-жылы Убактылуу өкмөт учурундагы коргоо министринин милдетин аткарып турган Исмаил Исаков жана коомдук ишмер Сагынбек Абдрахмановдун пикири бул шилтемеде.