Депутат Абдывахап Нурбаев: "Данияр Үсөновду жоопко тартуу боюнча соттун чечими чыккан болсо, аны алып келүү боюнча жолдор бар"

Апрель окуясында 100гө жакын адамдын өлүмүнө күнөөлүү делген негизги адамдар ээн-эркин жүрүшөт. SUPER.KG порталынын "Бийлик аларды жоопко тартууга кызыкдар эмеспи?" деген соболуна Жогоку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев жооп берди.

Нурбаевдин айтымында, Данияр Үсөновду алып келүүгө мыйзамдуу жолдор бар.

"Бийлик 2010-жылдагы Апрель окуясына күнөөсү барларды жоопко тартууга кызыкдар. Биздин Тышкы иштер министрлиги Беларустун Тышкы иштер министрлигине нота жөнөтүптүр. Ошонун жообун күтүп турушубуз керек, жообун угалы, кандай болор экен. Бул маселе күздө да, парламентте көтөрүлөт. Буга чейин биздин бийлик Данияр Үсөновдун кайда экенин так билбеген болуш керек, азыр Беларуста экендиги белгилүү болгондон кийин нота жөнөтүп жатышат, бирок буга чейин эле эл аралык издөө жарыяланган. Кыргыз сотунун чечими болгондон кийин булар сөзсүз жоопко тартылышы керек. Биздин өлкө менен Беларустун ортосунда өткөрүп берүү келишими жок болуп калса, анда биздин дипломаттар эл аралык нормаларды колдонуу менен иш алып барышы керек. Жоопко тартуу боюнча соттун чечими чыккан болсо, анда аны алып келүү боюнча жолдор бар", - деди Нурбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин 2010-2011-жылдардагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, 2010-жылы Апрель окуясынын убагында УКМКнын төрагасынын орун басары болуп турган Артур Медетбеков, 2010-жылы Убактылуу өкмөт учурундагы коргоо министринин милдетин аткарып турган Исмаил Исаков жана коомдук ишмер Сагынбек Абдрахмановдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан