"Данияр Үсөнов жана башка качкындарга байланыштуу Беларусь менен мамилени үзүү керек". Мындай пикирин коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев интернеттеги баракчасына жазып чыкты.
Анын пикиринде, Тышкы иштер министрлиги аркылуу Беларусь өлкөсүнө нота жиберүү менен чектелбей, катуу мамилеге өтүү керек.
“Беларусь мамлекетине карата катуу мамилеге өтүп, алар менен бардык дипломатиялык байланыштарды үзүшүбүз керек. Биздин өлкө Беларусь менен эканомикалык жана башка тармактар боюнча эч кандай байланышы жок. Тракторду болсо башка өлкөлөрдөн сатып алабыз. Жүк ташуучу МАН унааасын эчак эле андан ыңгайлуу унааларга алмаштырганбыз. Беларусь өлкөсүнөн бизге сүт азыктары жана башка продуктулар келбей калса, анда ал биздин өндүрүүчүлөр үчүн пайдалуу. Данияр Үсөновдун Александр Лукашенко (Беларусь өлкөсүнүн президенти - ред.) тарабынан мамлекетке тиешеси бар ири ишканага жетекчи болуп дайындалышы, Беларусь биздин өлкөнү жана элди сыйлабастыгы болуп эсептелет. Биздин талаптын натыйжасы ЕАЭБден чыгууга алып барса, анда биз бул кадамга баруубуз керек. Өлкө менен элдин намысы баарынан жогору болууга тийиш”, - деп жазган Каптагаев.
Эске салсак, 27-июль күнү Беларусь өлкөсүндөгү ЖМКлар Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы премьер-министри, издөөдө жүргөн Данияр Үсөнов тууралуу маалымат жана анын сүрөтүн жарыялашкан. Анын учурда "Беларусь улуттук биотехнология корпорациясы" ЖАКсын жетектей тургандыгы, Данияр Үсөнов өзүн Даниил Урицкий деп тааныштыргандыгы интернет колдонуучулары тарабынан кызуу талкууланууда.