Депутат Руслан Казакбаев: "Жогорку Кеңеште Текебаев, Бабанов, Мадумаровго окшогон лидерлер болсо мамлекеттин демократиялык өнүгүшүнө түрткү болмок"
Бишкектин жана Оштун мэрин шайлоодо оппозиция талапкер чыгарууга эрки жеткен жок. SUPER.KG порталынын "Кыргыз саясатында оппозиция болууга Өмүрбек Текебаевден башка эч кимдин эрки жетпейби?" деген соболуна Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Руслан Казакбаев жооп берди.
Ал оппозициянын системдүү, системдүү эмес, конструктивдүү же радикалдуу деген түрү боло турганын белгиледи. "Республика-Ата Журт" фракциясы Жогорку Кеңешке, шаардык кеңешке келгенде конструктивдүү оппозиция болобуз деп жарыялаганбыз. Конструктивдүү оппозиция деген бирөөнү бийликтен кетсин же радикалдуу жолдор менен такыр эле бардыгына каршыбыз дегенге жатпайт. Бир чечимге макул эмес болсок ага өз оюбузду айтып, каршы чыгабыз. Жогорку Кеңештеги, Бишкек шаардык кеңештеги, Ош шаардык кеңештеги фракциянын программалары иш жүзүндө жасалып жатса колдон келишинче жардам беребиз. Ошондуктан биз конструктивдүү оппозиция болдук. Бишкек жана Ош шаарында чындыгында мэрликке талапкер чыгара алган жокпуз. Азыркы учурда "Республика-Ата Журт" оңой эмес убакытты өткөрүп жатат. Партиянын тең төрагасы Өмүрбек Бабанов сыртта жүргөндө ага кылмыш иши ачылып, Кыргыз мамлекетине убактылуу кайта албай турат. Дагы бир тең төрагасы Камчыбек Ташиев, тилекке каршы, парламентке келбей калды. Ош шаардык кеңештеги фракция талапкер сунуштаган жок. Бишкек шаардык кеңештен фракциянын ичинен талапкер көрсөтүү боюнча ар түрдүу сунуштар болгон. Бирок сунуш кылынган талапкерлер баш тартып коюшту. Талапкер көрсөтүлбөгөндөн кийин аттарын атабай эле коёюн. Жогорку Кеңештеги фракция ичинен дагы сунуштар болгон. Бирок алар дагы баш тартышкан. Ошондуктан талапкер көрсөтүлгөн жок.
Демократиялык өнүккөн мамлекетте сөзсүз түрдө оппозиция болуш керек. Системдүү, системдүү эмес, конструктивдүү же радикалдуу болобу оппозиция болуусу шарт. Кыргыз мамлекетинде андай оппозиция бар. Азыркы учурда көзгө көрүнбөгөн саясий чыңалуулар болуп жатат. Ошондуктан көпчүлүк күчтөр саясий кырдаалды байкап, талдап турат.
Жогорку Кеңеште Өмүрбек Текебаев, Өмүрбек Бабанов, Адахан Мадумаровго окшогон партия лидерлери болсо мамлекеттин демократиялык өнүгүшүнө түрткү болот эле. Бирок ар кандай себептер менен айрымдары мыйзам алдында жооп берип, кээ бирлери Жогорку Кеңешке шайлоодон өтпөй калды. Бул табигый көрүнүш.
Эң негизгиси саясий куугунтук болбошу керек. Мамлекет демократиялык нукта өнүгөбүз десек, ар бир өлкөдө оппозиция болушу кажет. Бирок бардыгы мыйзамдын алдында бирдей болсун. Ошону менен катар эле президенттин коррупцияга каршы күрөшүү аракети токтобош керек. Бул коррупцияга каршы күрөшүүнү ар бир саясатчы, ар бир жаран колдошу зарыл. Коррупция мамлекеттин экономикалык өнүгүүсүнө тоскоол болгон чоң илдет. Муну жеңүүнүн башка жолу жок", - деди Казакбаев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Сайдулла Нышанов, Анвар Артыков, Дастан Бекешев, Зиядин Жамалдинов, укук коргоочулар Калича Өмүралиева, Эрик Рыскулбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.