Бишкектин жана Оштун мэрин шайлоодо оппозициянын талапкер чыгарууга эрки жеткен жок. SUPER.KG порталы "Кыргыз саясатында оппозиция болууга Өмүрбек Текебаевден башка эч кимдин эрки жетпейби?" деген соболуна Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынан депутат Сайдулла Нышанов жооп берди.
Ал бүгүнкү күндө оппозиция талапкер чыгарса боло турганын айтып, бирок ал талапкер 100 пайызга өтпөй турганын белгиледи.
"Оппозиция талапкерин көрсөтсө деле өтпөйт. Суу жетпеген жерге арык казгандай болуп калат. Ошондуктан оппозиция күчү жетпегени үчүн мэрликке талапкерин чыгара албайт. Оппозиция талапкер чыгарып тоскоол болгондон көрө көпчүлүк коалиция сунуштаган адамды колдоп коюп жатат. Ал эми Текебаев тууралуу айта турган болсом, ал оппозициячыл болуп төрөлгөн. Мындай адамдар тарыхта аз болот. Кээ бири бийликке жеткенден кийин өзүнүн позициясын өзгөртүшөт. Бирок бул киши пикирин өзгөртпөй, бардык жерде оюн айтып жүрөт", - деди Нышанов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Руслан Казакбаев, Анвар Артыков, Дастан Бекешев, Зиядин Жамалдинов, укук коргоочулар Калича Өмүралиева, Эрик Рыскулбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.