Бишкектин жана Оштун мэрин шайлоодо оппозициянын талапкер чыгарууга эрки жеткен жок. SUPER.KG порталынын "Кыргыз саясатында оппозиция болууга Өмүрбек Текебаевден башка эч кимдин эрки жетпейби?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты, "Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбековдун пикири төмөнкүчө болду.
Баатырбековдун айтымында, оппозициянын мэрликке талапкер көрсөтпөгөнүнүн себеби шайлоодо жеңиле турганын билген.
"Өмүрбек Чиркешовичти деле оппозиция деп айтууга болбойт. Оппозициянын түрү бар, баары жакпайт деген оппозиция жана конструктивдүү оппозиция. Учурда Бишкек шаардык кеңешинде "Республика-Ата Журт" оппозицияда болуусу зарыл. Алардын көрсөтпөгөн себеби шайлоодон жеңишке жетерине көзү жетпесе керек. Менин оюмча, ошол себептен алар талапкер көрсөткөн жок. Чынында эмне себептен талапкер көрсөтүшкөн жок өздөрү билет болуш керек. Учурда кыргыз саясатында оппозиция бар деп эсептейм. Ошондуктан коомдо ар түрдүү көз караштар чыгып жатат. Учурдагы оппозицияны конструктивдүү оппозиция деп атасак болот", - деди Баатырбеков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Сайдулла Нышанов, Анвар Артыков, Дастан Бекешев, Зиядин Жамалдинов, Руслан Казакбаев, укук коргоочулар Калича Өмүралиева, Эрик Рыскулбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.