Бишкектин жана Оштун мэрин шайлоодо оппозициянын талапкер чыгарууга эрки жеткен жок. SUPER.KG порталынын "Кыргыз саясатында оппозиция болууга Өмүрбек Текебаевден башка эч кимдин эрки жетпейби?" деген соболуна Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев жооп берди.
Депутат билдиргендей, өлкөдөгү саясатта реконструкция болуп жатат. "Менин оюмча, азыркы тапта реалдуу оппозиция жок. Саясатта реконструкция болуп жатат. Бир топ түшүнүксүз процесстер болуп калды. Текебаев - тажрыйбалуу саясатчы. Бирок ал учурунда оппозицияда, бийликте да болгон", - деди Бекешев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Руслан Казакбаев, Анвар Артыков, Зиядин Жамалдинов, Сайдулла Нышанов, укук коргоочулар Калича Өмүралиева, Эрик Рыскулбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.