КҮНСЕРЕП: Атамбаевдик кадрларды "ишенимден кетти" деп кызматтан алуу модага айланды

Бүгүн, 1-август. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

8-августка белгиленген Бишкек мэрин шайлоо боюнча бүгүн саясатчылар, жарандык активисттер жана бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол өтүп, анын катышуучулары президент, премьер-министр жана БШКга кайрылмай болушту. Кайрылуунун маңызы – мэрди депутаттар эмес, шаар тургундары шайлашы керектигинде жана бул пикирдин акыркы учурда коомчулукта көп айтылып жатканында. Тегерек столго катышкандардын айтымында, президент, премьер-министр жана БШКга тиешелүү мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушу жөнөтүлөт. “Биз 8-августка белгиленген шайлоону токтото турууну сурайбыз. Андан ары БШК шайлоонун жаңы күнүн белгилеп, адилеттүү жана ачык шайлоо өткөрүшүн өтүнөбүз” деп жазылат кабыл алынган резолюцияда.

“Биздин укук” коомдук фондунун башчысы Калича Өмүралиеванын айтымында, тандоо жок боло туруп шайлоого туура келген абал жаралды. “Шайлоо” деген сөздү колдонуу үчүн жок дегенде 2 талапкер болушу шарт. Партиялык тизме боюнча шаардык кеңешке шайлоону токтотуу керек. Муну менен өзүн талапкер катары көрсөткүсү келгендерге жана жарандык коомдун өкүлдөрүнө шаардык кеңешке келүүгө жол ачылмак” деди Калича Өмүралиева. Талапкерге келсек, Бишкек мэрлигине көпчүлүк коалициясы тарабынан Азиз Суракматов көрсөтүлгөн жана талапкер көрсөтүү мөөнөтү кечээ аяктап, ал мэр болом деген жалгыз адам болууда. Мэр көрсөтүү укугун өкмөт башчы да, оппозициядагы жалгыз фракция “Республика-Ата Журт” да колдонгон жок. Аталган фракциядан депутат Канат Мүзүралиев мэрликке талапкер көрсөтпөөнүн себебин “каалоочулар чыккан жок” деп түшүндүрдү.

2010-жылдагы парламенттик шайлоодо “Ата Журт” КСДП, “Республика” “Ата Мекен” партиясына караганда көбүрөөк мандат алган. КСДПны баштаган Алмазбек Атамбаев, “Ата Мекенди” баштаган Өмүрбек Текебаев Курманбек Бакиевдин бийлигин кулаткандардын башында турган. Ага карабай, аталган эки партия Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков жана Өмүрбек Бабанов төрагалык кылган партиялардан азыраак добуш алышкан. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо ортодогу беш жыл ичиндеги кагылып-согулуудан кийин “Республика” жана “Ата Журт” бириккенин жарыялап, шайлоого чогуу катышкан. Тандем Жогорку Кеңешке эң көп мандат алган экинчи партия болуп келүүсүн камсыздаган. 2016-жылдагы Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо да мандатынын саны боюнча “Республика-Ата Журт” КСДПдан кийинки эле экинчи орунду ээлеген. Эки партиянын айырмасы 1 мандатты гана түзгөн. Бишкектин добуш берүүчүлөрүнүн 23 пайыздан ашууну “РАЖды” колдогон. Дээрлик ар бир төртүнчү шайлоочунун добушун алган партия “мэр болууга арабыздан каалоочу чыккан жок” деп отурат.

Буга кошумча учурда “Республика-Ата Журт” оңой эмес убакытты башынан өткөрүп жатканын аталган фракциянын мурдагы лидери Руслан Казакбаев айтты. "Партиянын тең төрагасы Өмүрбек Бабанов сыртта жүргөндө ага кылмыш иши ачылып, Кыргыз мамлекетине убактылуу кайта албай жатат. Дагы бир тең төрагасы Камчыбек Ташиев, тилекке каршы, парламентке келбей калды" деди Казакбаев. Депутат саясий куугунтук болбош керектигин билдирди. Ошол эле учурда Бакиевдин кандуу режиминде КСДП жана "Ата Мекен" партиялары оппозицияны таштап, өлкөдөн качып кетишкен эмес. “Республика-Ата Журт” оппозициялык миссияны улантып кете албастыгын көрсөттү.

Тегерек столдо дагы бир маселе көрсөтүлдү. Катышуучулардын айтымында, Азиз Суракматов кызыкчылыктардын кагылышуусунан улам мэр боло албайт. Мэрликке талапкер “Елизавета” курулуш компаниясы атасына караштуу экенин жана өзү акыркы жылдары аталган компанияда иштегенин журналисттерге айтып, муну менен буга чейин айтылып жүргөн сөздөрдү тастыктады. “Учурда мэриянын буйрутмасы менен борбор шаардын планы иштелип чыгууда. Жер тилкелерин колдонууга берүү, курулуш жүргүзүү үчүн уруксат документтери жана башка ушуга байланыштуу маселелер шаар башчынын карамагында болот. Ошондо кандай болуп калат?” деген суроо берилди. Шаардын карамагында болгон жер тилкелерди көп жылга ижарага берүү, кийин аны сатып жиберүү эгемендик алгандан бери келе жаткан белгилүү коррупциялык схемалардын бири. Мындай кылмыш иштери Данияр Үсөновго карата козголуп, ал сыртынан соттолгон, Иса Өмүркулов кийин акталган, учурда Албек Ибраимов да жер тилкелерин мыйзамсыз сатып жиберүү боюнча коррупцияга шектелүүдө. Мурунку катадан сабак чыгаруунун ордуна Кыргыз тырмоочту кайра басканын качан токтотот?..

Ысык-Көлдө сезон кызуусуна келди. Бирок облус да, анын административдик борбору да башчысыз калганы турат. Кечээ Каракол шаардык кеңешинин депутаттары мэр Данияр Арпачиевге ишенбөөчүлүк көрсөттү. Буга чейин шаардык кеңештин депутаттарынын ишенбөөчүлүк көрсөтүүсү менен Албек Ибраимов Бишкек мэрлигинен алынган эле. Шаардык кеңештин мындай кадамга баруусуна мэрдин бир жылдык отчётунун кабыл алынбай калганы түрткү болгон. Эгерде өкмөт башчы шаардык кеңештин ишенбөөчүлүк көрсөткөнүн колдой турган болсо, анда мэр кызматтан алынат. Арпачиев аталган кызматка 2016-жылдын май айында шайланган. Анын талапкерлиги шаардык кеңештеги КСДП жана "Табылга" фракциялары тарабынан сунушталган эле.

Ал эми Ысык-Көл облусунун башчысы болуп иштеп келген Узарбек Жылкыбаев 25-июлда Ош дубанына өкмөттүн өкүлү болуп дайындалган. Бош турган креслого Акылбек Осмоналиевдин барары айтылууда. Анын өмүр таржымалынан 2012-2016-жылдары Улуттук статистика комитетинин төрагасы болуп иштегенинен башка көзгө урунар маалыматы, элдин эсинде болгон алгылыктуу иши жок.

Соңку кадрдык өзгөрүүлөрдөн улам коомчулукта нааразычылыгын билдиргендер болууда. Жогорку жана маанилүү кызматтан баштап шаар же облус башчысы сыяктуу кызматтарга көп учурда мурда-кийин кайсы бир талуу маселе боюнча пикирин билдирбеген, демилге көтөрүп чыкпаган, саясий кызматта тажрыйбасы жок, эл ичинде кадыры жок кадрлар келип жатат. Себеби кадрдык кризистеби же атайы ушундай бир кылка, топтон жулунуп-бөлүнүп жаңылык жаратам дебеген, Ак Үйгө баш оору жаратпастар тандалып жатабы?..

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан