Өлкөдө ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргогон Бизнес-акыйкатчы институту түзүлгөнү жатат. SUPER.KG порталынын "Инвесторлор менен ишкерлерди укук коргоо органдары коргошу керек эмеспи?" деген соболуна ишкер Эмил Үмөталиев жооп берди.
Эмил Үмөталиев ишкердикти өнүктүрүүгө эмне жардам берсе, баарын жасай берүү керек деген пикирде. "Мен сөзсүз түрдө институтту колдогондордон эмесмин. Ошентсе да бул демилгенин зыяны жок деп эсептейм. Деги эле ишкердикти өнүктүрүүгө кандай кадам жардам берсе, бардыгын жасай берүү керек. Мындай институттардын натыйжалуу, пайдалуу экени эл аралык тажрыйбада аныкталган. Бирок түпкү маселелер башка чөйрөдө жатат. Бул мүлккө болгон мамиле жана сот системинин акыйкаттуулугу. Эң башкысы, жарандын укуктары толук кандуу корголушу үчүн сөз эркиндиги башкы орунда турат. Мындан сырткары оппонент партиялардын парламенттеги орду бекем болуп, алар көзөмөлдөө кызматын мыкты аткаруусу керек. Коомдогу ар бир жаран коррупцияга же башка нерсеге канчалык көз каранды болсо, ишкерлер андан 10 эсе көз каранды", - деди Эмил Үмөталиев.
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров, мурунку акыйкатчылар Турсунбай Бакир уулу, Бактыбек Аманбаев, мурунку премьер-министрдин кеңешчиси Талант Султанов, экономика боюнча эксперт Руслан Акматбеков, жарандык активист Азамат Аттокуровдун пикири төмөнкү шилтемеде.