Бишкек шаардык кеңештин төрагасы: "Мэрлик кызматка Азиз Суракматовдон башка да адамдарды талапкер кылуу маселеси каралган"

Азиз Суракматовдон башка да адамдарды талапкер кылуу маселеси каралган. Мындай пикирин бүгүн, 6-августта Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев журналисттерге билдирди.

"Азиз Суракматовдун талапкерлигин КСДП фракциясы сунуштаган, көпчүлүк коалиция колдоду. Бир гана Суракматов эмес, аны менен башка адамдардын талапкерлиги да каралган. Мен алардын аттарын атабай эле коёюн. Биз Суракматовду мэрияда иштеп кеткен адам катары карадык. Эл, биз менен чогуу иштейт деп тандадык", - деди Кененбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан