Медер Сыдыков Кыргызстандын Футбол Лигасынын президенти болуп дайындалды

КРнын Футбол федерациясында кадр алмашуу болуп өттү. Кыргызстандын Футбол Лигасынын (КФЛ) президенти Дастан Конокбаев отставкага кетип, анын ордун Медер Сыдыков ээледи. КФЛнын экс-президенти Дастан Конокбаев жаңы президент тууралуу: “Медер Сыдыков “Нефтичиде” менеджерлик кылып жүрүп команданы чемпиондукка жеткирүүдө зор салым кошту. Анын мыкты уюштуруучулук сапаттары жаңы кызмат ордунда жардам берет деп ишенем. Өзүм жөнүндө айтсам, мен футболдон кеткен жокмун. КРнын Футбол федерациясынын курамында элемин”,- деп билдирүү жасады. М.Сыдыков жөнүндө маалымат бере кетсек, ал 2010-жылы кыргыз футболунда революция жасап, чемпиондукту жеңип алган кочкор-аталык "Нефтичинин" бир эле учурда менеджери жана ойноочу машыктыруучусу болчу. КФЛнын президенти болгонго чейин “Нефтичи” футболдук клубунун начальнигинин милдетин аркалап келген. "Нефтичинин" курамында Кыргызстандын чемпиону (2010), АФКнын президентинин Кубогунун коло медалынын ээси (Кытай Тайпейи, 2011). Үй-бүлөлүү, 30 жашта. Жалал-Абад Коммерциялык институтунун экономика жана маалымат технологиялар факультетин бүтүргөн. Учурда Кочкор-Ата шаарында жашайт.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Maks312
2012-11-21 16:43:15
1997-98 жылдары алтын топтун ээси, Чемпиондор лигасынын 2 жолку чемпиону, бир нече рекорддордун ээси. акыркы жолу ойногон клубу - белгисиз
0
Maks312
2012-11-21 17:03:23
Нефтчи футбол клубун ушул байкебиз чемпион кылган. эн креативный менеджер! буюрса Кыргыз футболуна дагы чон салым кошот!
акыркы жолу ойногон клубу Нефтчи экен, достор! гуглдан издебей эле койгула, гугл таппайт!
0
aika0906
2012-12-25 10:34:57
ооохо бул биздин акебиз гоо Медер аке!!! Женем менен бактылуу болгула!!!! ийгилик сизге
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан