ЖЭБди жаңылоо боюнча чиновниктерди гана эмес, депутаттарды да жоопкерчиликке тартуу керектиги айтылууда. SUPER.KG порталынын "Ири долбоорлор боюнча кредит алууда өлкөнүн кызыкчылыктарынын корголушуна Жогорку Кеңеш да жооп бериши керекпи?" деген соболуна саясатчы, Жогорку Кеңештин экс-спикери Адахан Мадумаров жооп берди.
Мадумаровдун пикиринде, көйгөйдүн баары бир тарапка көз каранды болгон парламентте.
"Жогорку Кеңешти жазалаш керек, жазалабаш керек дегендер да болот. Парламент - бул жамааттык орган. Бардык чечимдер жамаат менен кабыл алынат. Көйгөйдүн баары ошол жамааттын күн карама болуп калгандыгында, жетекчилер тарабынан кандай маселе келсе да кол көтөрдүк десе ойлонбой, толгонбой туруп кол көтөрүп бергендигинде, талкууланбагандыгында. Маселе 2-3 жолудан окулуп, кайра-кайра добушка коюлган учурда депутаттар бир аз болсо да ойлонуп, Жогорку Кеңештин регламентин бузбадыкпы деп акыл калчаш керек эле. Жогорку Кеңештин регламенти - бул Кыргыз Республикасынын мыйзамы. Эгер биз адилеттүүлүктү орнотобуз деген болсок, анда биз мыйзамдуулук тарабын карашыбыз керек. Жогорку Кеңеш мыйзам алдында жооп бербесе да моралдык жактан жооп берет. Парламенттин жетекчилиги кандай иш-аракеттерди жасады. Фракция башчылары менен кандай кол алышуулар, көз ымдоолор болгонун иликтеп чыгып, анан гана бир чечимге келүү керек", - деди Мадумаров.
Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Касымалиева, Акылбек Жамангулов, экс-спикер Адахан Мадумаров, экс-депутат Феликс Кулов, Каныбек Осмоналиев жана эксперт Расул Умбеталиев пикири төмөнкү шилтемеде.