Экс-президент Роза Отунбаеванын миграция тууралуу сөзү талашка түштү. SUPER.KG порталынын "Миграция өлкөнүн трагедиясыбы же мүмкүнчүлүгүбү?" деген соболуна Мамлекеттик миграция кызматынын тышкы миграция бөлүмүнүн башчысы Улан Шамшиев жооп берди.
Ал бардык нерсенин жакшы жана жаман жагы боло турганын айтты.
"Миграциянын түрлөрү бар. Миграция туура жолго салынса, албетте, өлкөдө мүмкүнчүлүктөр болот. Мыйзамсыз миграция ага жараша тобокелчиликтер болсо адам сатуу, сексуалдык эксплуатация, кулчулук фактылар бар. Ар бир нерсенин эки жагы болот эмеспи. Жакшы жагы жана жаман жагы дагы бар. Бир жагынан карасак, биздин жарандар башка мамлекетке барып жаңы адистикти үйрөнүп кайра өлкөгө келгенде жаңы технологиялардын ыкмаларын колдонуп, бизнестерди ачып жатат. Айрымдары өлкөдө жумуш орундарын түзүп жатат. Бирок миграциянын терс жагы биздин эң акылдуу, билимдүү адис балдар, кыздарыбыз башка өлкөгө чыгып келбей жатышат. Биздин позициябыз миграция мыйзамдуу болуш керек", - деди Шамшиев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Сагындык Келдибаев, Абдывахап Нурбаев, Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан, "Мекен ынтымагы" партиясынын лидери Темирбек Асанбеков, жарандык активисттер Зулпидин Нурматов, Нурсултан Алтыбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.