Кыргызда "Кары келсе ашка, жаш келсе ишке" деген макал бар эмеспи. Бирок бүгүн жаштарды да ашка чакырсак болот. Анткени 12-август - Эл аралык жаштар күнү. Жаштарга көңүл буруу демилгеси Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында 1999-жылдын 12-августунда жактырылган. Кыргыз жеринде болсо жаштар күнү 10-ноябрда белгиленет. Бүгүн эл аралык майрамды белгилейбиз. Кыргыз коомчулугунда оозго алынган жаштар тууралуу тесттен өтүңүз.