Андрес Иньеста "Виссел Кобе" клубу үчүн өзүнүн алгачкы голун киргизди

Испаниялык жарым коргоочу Андрес Иньеста Япония чемпиондугунда өзүнүн алгачкы голун киргизди. "Барселона" футболдук клубунун мурдагы оюнчусу өзүнүн чабуулун оюн талаасынын ортосунан баштаган. Андан соң айып аянтачасында Лукас Подольскийдин чыгарып берүүсүн ийгиликтүү тосуп алып, гол киргизген.

Бул гол "Виссел Кобе" футболдук клубуна Япония чемпиондугунда 4-орунга көтөрүлгөнгө жардам берди. Ал эми клуб үчүн алгачкы оюнда чыккан күнү Иньеста жеңилүү ызасын тарткан. Ал оюн талаасына 59-мүнөттө чыккан. Бул убакытка чейин жарым коргоочунун командасы 2 гол киргизип жиберген. Оюндун аягына чейин дагы 1 гол кирип, жыйынтыгында "Виссел Кобе" 3:0 эсебинде утулуп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан