КҮНСЕРЕП: Сот тармагы эми Жээнбековдун жетекчилигинде реформаланат

Бүгүн, 13-август. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеӊештин VII жыйыны өттү. Анда өлкөнү 2018-2040-жылдар аралыгында өнүктүрүү стратегиясы, 2020-жылга карата шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу темасы талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков маселе чиновниктердин сөзү менен иши дал келбей жатканында экенине токтолду. Өлкө башчысы “мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы катуу күрөш жүрөт” деп жарыялаганына карабай коррупцияга шектелип жаткан чиновник Аскарбек Шадиев өлкөдөн чыгып кетти. Балким, Батукаевди узатышкандай узатуу уюштурулгандыр. Бул жагы коомчулукка белгисиз бойдон. Күрөш жүрөрү чын болсо Шадиев бүгүн Нью-Йоркто эмес, УКМКнын абагында отурмак дегендер бар. Буга чейин УКМК аталган чиновник Тажикстан аркылуу АКШга учуп кетти деп билдирген. Бирок анын чын эле АКШга качып кеткенине далил келтириле элек. Шадиевди колдон чыгарып жиберген органдардын жетекчилери да жаза тартышпады.

Президент ар бир жарандын арызы жоопсуз калбашы керектигин айтып келет. Бирок жарандык коомдун катуу каршылыгына, жөндүү сындарына, конструктивдүү сунуштарына, өткөнкү мэрлердин окуясын эске салган эскертүүлөрүнө карабай Бишкек шаардык кеӊеши мэрлик кызматка Азиз Суракматовду “дайындады”. Анткени бир дагы атаандашы жок адамды, программасын укпай, суроолорду бербей туруп шайлап салуу шайлоо деген сөздүн маанисине дегеле жакындабайт. Жээнбековдун сунушу менен премьер болгон Мухаммедкалый Абылгазиев да Суракматовго атаандаш боло алчудай талапкер чыгарбады. Ушундай окуялар мамлекеттик башкарууда сөз менен иштин багыттары бирикпесин көрсөтүүдө.

Стратегияны ишке ашыруунун биринчи этабы 2018-2023-жылдарды камтыйт. Жээнбеков эӊ биринчи соттук реформаны аягына чыгаруу керек дейт. "Стратегиябыздын максаты — улуттук сот системин куруу, адилеттикти жана мыйзамдын бийлигин камсыз кылуу, коррупциядан тазалоо", - деди президент. 2010-жылдан бери бийликке келген ар бир президент соттук реформаны өзү ишке ашыруучу негизги милдет катары алдына коюп, бирок 7 жылда өлкө жарандары бул реформаны жашоосунан сезген жок. Сот тармагы 2010-жылга чейин кандай коррупциялашкан, бийликтен көз каранды болсо, азыр деле коомчулуктун ишенимине ээ болуп кете элек. Ал эми өткөн жылы гана бийликте турган чиновниктердин жоон тобу укук коргоо, сот системдерин бийликтин куугунтугун, саясий заказын аткарган органдар катары айыптап жаткан кези. Сот тармагын реформалоо - аларга жакшы имарат куруп берип, заманбап техника менен камсыз кылуу эмес, биринчи кезекте соттордун ишине кийлигишпөө.

Улуттук кеӊештин жыйынында шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу жолдору да талкууланды. Өлкө башчы Жээнбеков тийиштүү мыйзамдар шайлоого 1 жыл калганда даярдалып бүтүп, шайлоого жакын "оюн эрежелери" өзгөрбөшү керектигин айтты. Буга чейин жергиликтүү бийлик башчыларын түз шайлоо сунуштары айтылып жаткан. Мисалы, шаар башчыларын эл шайлашы керек дегендер көп. Жээнбеков бүгүн өлкөдө партиялык тизме аркылуу шайлоо системин өнүктүрүү керек деди.

Өлкөдө Кыргыз Республикасын 2013-2017-жылдары туруктуу өнүктүрүү стратегиясы иштеди. Анда да бийлик алдына амбициялуу максаттарды койгон. Мисалы, 5 жылда 50 миӊ гектар жаӊы сугат жери пайда болуп, Кыргыз өлкөсү бизнес жүргүзүү рейтинги боюнча алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кириши керек эле. Бүгүнкү жыйында парламенттеги "Бир бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов ал стратегиянын 17 гана пайызы ишке ашырылганын айтып, документке жомок эмес, реалдуу пландарды жазууну сунуштады. Ошондой эле Сулайманов өлкөнү 2040-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясына тышкы карыздан кутулуу киргизилбегенин сындады. Кыргыз мамлекети 20-25 жылдык мөөнөт менен алган карыздарды төлөө мөөнөтү 2023-2024-жылы башталат. Бул азыркы президенттин мөөнөтү бүткөн мезгилге туш келет. Премьер Абылгазиев жаӊы стратегиянын алкагында 300 миӊ жаӊы жумуш орунун түзүү, өлкөнү бизнес рейтинги боюнча алдыңкы 50 өлкөнүн катарына киргизүү пландалып жатканын айтты. Жалпы караганда, мурдагы стратегиядагы эле пландар. Болгону 30 өлкө эмес, бул ирет амбиция бир аз азайып, 50 өлкөнүн катары тандалыптыр...

Быйыл 1-сентябрда окуучулар коомдук унааларда бекер жүрүшөт. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын билдиришинче, жүргүнчү ташуучу фирмалар менен сүйлөшүү жүрүп ушундай чечимге келишкен. Акциянын максаты - балдарга көӊүл буруу жана кам көрүү экени айтылды. Бул окуучуларга карата биринчи сюрприз эмес. Өкмөттүн токтомуна ылайык, быйыл мектептер (1-класстан 11-класска чейин) 5 күндүк окуу графигине өтүштү. Ал эми окуунун өзү 1-сентябрда эмес, 4-сентябрда башталат. Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, 1-сентябрда окуу жылынын башталышына карата майрамдык линейка өтүп, ал эми окуу 4-сентябрда башталат. 1-сентябрь ишемби болсо, 2-сентябрь дем алыш. Окуучулар 3-сентябрда сабакка барышы керек эле. Бирок бул күнү III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине байланыштуу дем алыш күн жарыяланып, балдар мектепке аптанын экинчи күнү барышат.

Билим берүү системине байланыштуу кабарлар муну менен эле чектелбейт. Буга чейин Орусиянын Кыргыз жериндеги мектептерге орус тилин окутуучу мугалимдерди жиберүү сунушу талкууга түшкөн. Өткөн айда Орусиянын билим берүү министринин орун басары Павел Зенькович "Кыргызстанда орус тилин окутуу" деген темада Кыргыз тарап менен телекөпүрө аркылуу сүйлөшкөн. Чиновник азыркы тапта Тажикстанда Орусиядан жиберилген мугалимдер иштеп, алар окуткан окуучулар чоӊ ийгиликтерге жетишип жатканын баса белгилеп, "эгер Кыргызстан макул десе биз мугалим жиберүүгө даярбыз. Кыргызстандын жаштарына орус тилин унутууга мүмкүнчүлүк бербөө керек" деген.

Бул кабар Кыргыз коомчулугунда талкуу жаратты. Орус чиновнигинин сунушу бүгүнкү күндүн картинасы менен алганда муктаждык, зарылчылык катары көрүнөт. Миллионго жакын жараны Орусияда иштеп, нан таап, Кыргыз жериндеги үй-бүлөсүн багып жатканын моюнга албай коюу мүмкүн эмес. Ошентсе да коомчулукта ушул айлампа качан үзүлөт, өлкө жумушчу күчүн экспорттоодон башка өнүгүү жолун таппайбы деген бушайман ойлорду жаратууда. Дал ушундай маалда экс-президент Роза Отунбаеванын “миграция трагедия эмес” дегени көпчүлүккө, айрыкча миграциянын азабын тартып жүргөн массага жакпады.

Азырынча Орусиядан айтылган сунуш Кыргыз тараптан колдоо таба элек. Билим берүү министрлиги Кыргыз тарап Орусиянын мугалимдеринин Кыргыз мектептеринде иштешине эмес, алардын Кыргыз мугалимдери менен тажрыйба бөлүшүүсүнө кызыкдар экенин билдирген боюнча бул темага кайрыла элек...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан