Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов: "Сотторду эл шайлаганда гана алар адилеттүү иштей баштайт"

2010-жылдан бери ар бир президент негизги милдети катары сот реформасын ишке ашыруу керектигин айтып келет. Сооронбай Жээнбеков моюнунда бул милдет бар экенин эске салды.

SUPER.KG порталынын "Эмне үчүн ал реформа ишке ашпай жатат? Канткенде өлкөдө соттор көз карандысыздыкка жетип, адилеттүү иштей башташат?" деген соболуна Жогорку Соттун мурдагы төрагасы, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Осмонов жооп берди.

Мурдагы эл өкүлү соттор адилеттүү иштеши үчүн алар эл тарабынан шайлануусу керек деген пикирде.

"Сотторду жалпы эл шайлаганда гана алардын көз карандысыздыгы камсыз болот. Бул үчүн шайлоону уюштурган жана өткөргөн органдар сотторду шайлоону өткөрүү керек. Соттор бийлик тарабынан дайындалгандан көрө эл тарабынан шайланса, анда элдин кызыкчылыгына көбүрөөк ыктайт. Болбосо аларды ким дайындаса ошолорго көз каранды болуп кала берет. Совет мезгилинде жергиликтүү кеңештин депутаттары менен бирге соттор дагы эл тарабынан шайланчу. Азыр болсо сот системи өлүм алдына келип калды. Азыркы соттордун ордуна башка сотторду шайлап койсо, сот тармагы жаңыланып калат дегендикке жатпайт. Карапайым элдин укугун жана эркиндигин жакшыраак коргой турган багытта реформа жасоо керек. Ошондо сот тармагына жасалган реформа максатына жеткен болот.

Азыр сот имараттарын жаңылоо, судьялардын айлыгын жогорулатуу, материалдык жактан камсыздоо, иштөө шартын жакшыртуу иштери жасалууда деп жар салып жатышат. Бул реформа эмес, бул техникалык маселелерди чечип берүү деп аталат. Бул жакшыртуудан карапайым калкка эч кандай пайда жок. Азыр көчөгө чыгып карапайым элден сот реформасы жасалып жатабы, сотторго карата элдин ишеними кандай деп сурасаң, ал жакшы деп жооп берсе анда реформа жасалып жаткан болот", - деди Осмонов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов, Мирлан Жээнчороев, Исхак Масалиев, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, юрист Шарабидин Токтосунов, юридикалык илимдердин доктору Кайрат Осмоналиев, жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан