КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча көп көйгөйлөр бар экенин айтты. Бул тууралуу ал 13-августта Улуттук кеңештин жыйынында билдирди.
"Күч органдары менен бизнес ортосундагы карама-каршылык же болбосо ушул тармакта коррупция болуп жатат. Орто жана чакан бизнеске жаңы, жакшы шарт түзүп берүү зарыл. Бүгүнкү күндө ишкерлерге толук эркиндик берилет деп айтып келебиз. Бирок текшерүүлөр токтобой эле уланып жатат. Өкмөттүн, күч органдарынын кылып жаткан ишине көзөмөл кылбаса болбойт. Инвестицияларды тартып, бизнести өнүктүрбөсөк, өлкөдө туруктуу өнүктүрүү боюнча стратегиянын аткарылышы кыйынга турат. Бизнес, инвестиция тынчтыкты жакшы көрөт", - деди Өмүркулов.