2010-жылдан бери ар бир президент негизги милдети катары сот реформасын ишке ашыруу керектигин айтып келет. Сооронбай Жээнбеков моюнунда бул милдет бар экенин эске салды.
SUPER.KG порталынын "Эмне үчүн ал реформа ишке ашпай жатат? Канткенде өлкөдө соттор көз карандысыздыкка жетип, адилеттүү иштей башташат?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев жооп берди.
Масалиев сотторго толук эркиндикти берүү керек деген пикирде.
“Мыйзамга “пара алба, таза иште” деп жазсаң деле пара алып жатпайбы. Соттордун көз карандуулугунан арылуу мүмкүн, ал үчүн саясий эрк керек. Эң негизгиси реформаны башкарган президент болсо, президент өзү аралашпаса жакшы болмок. “Андай кыл, мындай кыл” десе, соттор башынан эле коркок болуп калат. Биринчи кезекте соттордун өзүндө да эрк болуш керек, бирок соттор "буйрукту аткарбасам, кызматтан алат" деп коркуп жатышат.
Эркиндик берүү үчүн соттордун ишине эч ким кийлигишпеши керек. Учурда башкача абал жаралууда, эл “тигини акта, муну акта” деп өзүбүз президентти соттордун ишине аралашуусуна түртүп жатабыз. Президент саясий позициясын көрсөтүп, “тазалык болуш керек, чечимди мыйзам чегинде кабыл алгыла" десе соттордо ишеним болот, президент эч качан “мындай кыл” деп айтпаш керек. Учурда сот реформасы ордунда турат, өзгөргөн жок. Азыркы президент учурда ишин баштап жатат”, - деди Масалиев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов, Мирлан Жээнчороев, Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, юрист Шарабидин Токтосунов, юридикалык илимдердин доктору Кайрат Осмоналиев, жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.