Бүгүн, 15-август. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Көйгөйү Барак Обамага чейин жеткен Барак эксклавы кайрадан коомчулуктун көңүл чордонун ээледи. Кыргыз өлкөсүнө караштуу Өзбекстандын аймагындагы Барак эксклавы Кара-Суу районундагы ошол сыяктуу аймакка алмаштырылышы мүмкүн деп айтылууда. Мындай маалыматты Интерфакс агенттигинин Азербайжандагы филиалы Кыргыз-Өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын мүчөсү, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсуповго шилтеме берүү менен жазып чыкты.
Кыргыз мамлекети үчүн эксклав, Өзбекстан үчүн анклав болгон Барак Кыргыз чек арасынан болгону 1,5 чакырым алыстыкта жайгашкан. Барак – Кыргыз мамлекетинин жалгыз эксклавы болуп саналат. Ал эми Кыргыз өлкөсүндө 3 анклав бар. Анын экөө – Сох жана Шахимардан Өзбекстанга караштуу. Барактын аймагы 4 чарчы чакырым, калкы 2014-жылы көчүп чыгып кеткендерге чейин 2 миңдей жаран болгон. Баракты коңшу өлкөнүн Анжиян облусу курчап турат, эксклав Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнө карайт.
2010-жылы болуп өткөн Июнь окуясынан, 2013-жылдагы чек арага чектеш жерлердеги чыр-чатактардан, Кыргыз-Өзбек мамилесинин солгундашынан улам аталган аймактын тургундары үчүн чек арадан өтүү башкы маселеге айланган. Мунун айынан эксклавдын жашоочулары барымтада калгандай эле жашоого туш болушкан. Кыргыз бийлигинен үмүтүн үзгөн барактыктар 2011-жылдын башында АКШнын президенти болуп турган Барак Обамага жардам сурап кат менен кайрылышкан. Ал убакытта Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков эле. Барактыктар башка жер бөлүп берүүнү суранганына Жээнбеков бул маселени өкмөт жана Жогорку Кеңеш чечип бериши мүмкүн деген. Бирок маселе ошол кезде чечилген эмес. 2014-жылы барактыктар туулган жерин, турак жайын, мал-жанын таштап, көпчүлүгү Ош шаарына көчүп келишкен. Алар ар кимдин үйүндө күн кечиргени маалым. Кийинчерээк өкмөт Барак эксклавынын тургундары Кара-Суу районундагы Беш-Үй айылына отурукташканын билдирген.
Кыргыз-Өзбек чек арасын такташуу өткөн жылдын сентябрь айында коңшу өлкөнүн президенти Шавкат Мирзийоевдин Бишкекке келген сапарынан кийин жанданган. Жолугушуу учурунда ошол кездеги мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик чек аранын 85 пайызы боюнча макулдашып бүттүк, эми 15 пайызы гана калды" деген. Бирок өкмөт ушул күнгө чейин Кыргыз-Өзбек чек арасындагы талаштуу маселелердин 85 пайызы кантип, кимдин пайдасына чечилгенин ачыктабай келет. Жалпы аралыгы 1387 чакырымды түзгөн Кыргыз-Өзбек чек арасынын делимитациясын 2018-жылы, ал эми демаркациясын 2019-жылы аягына чыгаруу каралган.
Байыш Юсуповдун маалыматына ылайык, Барак эксклавынын ордуна Кыргыз өлкөсү Өзбекстанга өткөрүп берчү жер тилкеси Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ак-Таш айыл аймагы менен чектеш жайгашкан. "Жер боюнча бардык протоколдор түзүлгөн. Барак эксклавынын жашоочулары чек арадан өтүүдөгү тоскоолдуктардан тажаганы үчүн алмашуу чечимине макул болушкан. Эми эки өлкө президенттеринин аталган ратификацияга кол коюусу калды" деп жазылат маалыматта. Сүйлөшүүлөр аягына чыгып калганына караганда ушул күздө бул маселе Жогорку Кеңешке киргизилиши мүмкүн.
Буга чейин 8-август күнү Кыргыз өкмөтүнүн сайтында Кыргыз-Өзбек чек арасынын 2 тилкеси макулдашылганы тууралуу жалпыланган учкай маалымат жарыяланган. Анда ал тилкелер кайсы аймакта жайгашкандыгы, кандай шартта макулдашылгандыгы тууралуу айтылган эмес. Кыргыз мамлекетине таандык болгон Барак эксклавынын аймагы алмашылып жатканы тууралуу маалыматтын расмий органдар аркылуу эмес, адегенде орусиялык ЖМК аркылуу жайылтылганы коомчулукта негиздүү сынды да, сестенүүнү да жаратты...
Өлкөдө доллардын куну кайрадан көтөрүлүүдө. 13-августта 50 тыйынга, кечээ жана бүгүн дагы 20 тыйынга кымбаттаган АКШнын акчасынын баасы 70 сомго жакындап калды. Улуттук банк доллардын курсу өсүп жатканы боюнча дүрбөлөңгө түшпөгүлө дейт. Мекеменин өкүлүнүн айтымында, доллардын курсу көтөрүлүп жатканы убактылуу жана ага АКШнын Орусияга карата киргизилет делген жаңы санкциялары жана дүйнөлүк рынокто нефтинин баасы арзандап жатканы себеп болууда.
8-август күнү Орусияда рублдун курсу долларга карата 2016-жылы орун алган көрсөткүчкө чейин төмөндөдү. Бирок доллардын кунунун көтөрүлүүсүнүн запкысын баарынан көп Түркия тартып жаткан кези. 10-августта Түркияда лиранын баасы долларга карата 18 пайызга кескин арзандап кеткен. Аталган өлкөдө жылдын башынан бери лира кунун жоготууда. Тагыраагы, лира долларга карата баш-аягы 45 пайызга төмөндөгөн. Эрдоган баштаган Түркия бийлиги улуттук акчасынын кунун жоготуп жатканына АКШнын аларга карата жүргүзгөн саясатын күнөөлөөдө. Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдөн кийин Режеп Тайып Эрдоган эми Түркиянын аткаруучулук бийлигине да жооптуу адам. 2003-жылдан бери бийликте келе жаткан бул адамдын башкаруучулук, менеджерлик жана эл аралык аброю, тажрыйбасы, мүмкүнчүлүгү эми билинет дегендер да болууда.
Ал эми Кыргыз жергесинде акыркы жолу 2015-жылдын аягы, 2016-жылдын башында доллардын сомго карата баасы кескин көтөрүлгөн. 1 доллардын баасы 76-77 сомго чейин чыккан. Андан эки эле жыл мурда доллардын курсу 50 сомдон жогору эмес эле.
Сыртта иштеген Кыргыз жарандарынын, мекендештердин эң көбү Орусияда, Казакстанда, андан кийин эле Түркияда эмгектенишет. Улуттук банктын маалыматына ылайык, 2018-жылдын башынан июлга чейин эмгек мигранттары 972 миллиондон ашуун доллар которушкан. Анын 954 миллион доллары Орусияда иштегендерден келген. Андыктан Орусия жана Түркиянын валюта рыногундагы олку-солку абал аталган өлкөлөрдө иштеген мекендештерге таасирин тийгизбей койбойт. Бул өз кезегинде Кыргыз өлкөсүндө жашаган, мигранттын жөнөткөн акчасынан көз каранды үй-бүлөлөрдүн бюджетине бир топ зыян тийгизери анык...