Бүгүн, 19-август өткөн кылымда мода дүйнөсүндө төңкөрүш жасаган франциялык модельер, "Chanel" мода үйүнүн негиздөөчүсү Габриэль Коко Шанелдин туулган күнү. Ал 1883-жылы 19-августта Франциянын Сомюр шаарында төрөлгөн. Мода дүйнөсүн жаңыртып, биринчи жолу бутун көрсөтүп кыска юбка кийген, чачын кыска кырктырып, ийинге сумка асынып баштаган жаратман аялзаты болгон. Франциядагы бардык аялдар анын кылган аракетин кайталап турушчу. Айымдардын алкышына татыган Коко Шанель тууралуу кызыктуу маалыматтардан куру эмесмин десеңиз, тесттен өтүп көрүңүз.