Таза суунун тарифин жогорулатуу, телефондорду 100 сом менен каттоо боюнча өкмөттүн демилгелери коомчулукта терс пикир жаратууда. Мындан улам күзүндө министрлер кабинети тарашы мүмкүн деген сөздөр айтыла баштады. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган Кыргыз өкмөтүн күзүндө эмне күтөт?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов жооп берди.
Анын айтымында, өкмөткө бериле турган суроолор көп.
Абылгазиев баштаган өкмөттү күзүндө чоң бир нерсе күтүшү мүмкүн эмес. Бирок парламентте көп суроо берилиши мүмкүн. Өкмөт күзүндө кышка карата даярдыктын отчётун берет. ЖЭБдин химиялык цехи бүгүнкү күнгө чейин даяр эмес деп угуп жатабыз. Аймактарды өнүктүрүү боюнча өкмөт эмне иштерди аткарып жатат? Социалдык объекттердин курулуш иштери качан бүтөт? Ушундай көйгөйлөрдүн баарын сурайбыз. Негизи өкмөткө карата сын-пикирлер көп эле айтылып жатат. Бирок өкмөт бир жылдык отчёт бергенге чейин иштеши керек", - деди Ормонов.
Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Төлөнов, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Феликс Кулов, укук коргоочу Качкын Булатов, коомдук ишмер Сапар Аргынбаев, саясий серепчи Нурсултан Акылбектин пикири төмөнкү шилтемеде.