Жол коопсуздугун камсыздаган органдарды реформалоо боюнча жумушчу топ түзүлдү. Топту Тамерлан Ибраимов жетектейт

Жол коопсуздугун камсыздаган органдарды реформалоо боюнча жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жумушчу топ президенттик аппараттын биринчи орун басары Досалы Эсеналиевдин буйругу менен түзүлдү. Топту Саясий-укуктук иликтөөлөр борборунун директору Тамерлан Ибраимов жетектейт.

Эксперттик жумушчу топтун курамына Коопсуздук кеңешинин катчысы, өкмөттүк аппараттын, Ички иштер министрлигинин тармактык бөлүмүнүн, жарандык сектордун өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер кирди.

Жумушчу топ жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча түзүлгөн кырдаалды, ички иштер органдарынын тиешелүү кызматтарын жана бөлүмдөрүн оптималдаштыруу жана реформалоо боюнча көрүлгөн чараларды, чет өлкөлөрдүн укук коргоо органдарынын алдыңкы тажрыйбасын иликтеп чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан