Президенттик аппараттын башчысы болуп Досалы Эсеналиев дайындалды (өмүр баяны)

Досалы Эсеналиев.Президенттик аппараттын башчысы болуп Досалы Эсеналиев дайындалды. Аталган жарлыкка өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков кол койгонун президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Буга чейин Эсеналиев президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары болуп иштеп келген.

Президенттик аппараттын башчысынын орду ушул жылдын апрель айынан бери бош турган. Мухаммедкалый Абылгазиев премьер-министр болуп дайындалгандан кийин аталган кызмат ээсин таппай келген.

Өмүр таржымалы.

Эсеналиев Досалы Акпаралиевич 1965-жылы 11-апрелде Ала-Бука районунун Көк-Серек айылында туулган.

1990-жылы Кыргыз улуттук университетин тарых жана коом таануу багыты боюнча бүтүргөн.

1993-жылы Кыргыз улуттук университетинин "Тарых" бөлүмүнөн аспирантураны аяктаган.

1999-2001-жылдары - Кыргыз Республикасынын президенттик администрациясынын маалымат кызматынын эксперти;

2001-2008-жылдары - Бүткүл дүйнөлүк банктын "Жакырчылыкты жоюунун стратегиясынын институционалдык колдоо" долбоорунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси;

2003-2008-жылдары - президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы;

2008-2009-жылдары - президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары;

2009-2010-жылдары - президенттик аппараттын Жогорку Кеңеш менен байланыш бөлүмүнүн башчысы;

2010-2012-жылдары - "Республика" партиясынын аткаруу комитетинин төрагасы;

2014-жылы "Бир Бол" партиясынын аткаруу комитетинин башчысы;

2016-2018-жылдары Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы;

2018-жылдын апрель айынан тарта президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан