Президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары болуп Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев дайындалды (өмүр баяны)

Алмаз Кененбаев.Президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары болуп Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Кененбаев буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп иштеп келген. Буга чейин аппарат башчысынын биринчи орун басары болуп Досалы Эсеналиев эмгектенип, анын аппарат башчы кызматына көтөрүлгөнүнө байланыштуу аталган кызмат бошогон.

Өмүр таржымалы.

Кененбаев Алмаз Муканович 1976-жылы 6-июнда төрөлгөн. Жогорку билимдүү.

Билими:

1993-1998-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин "бухгалтердик эсеп, чарба ишмердигин көзөмөлдөө жана анализ" адистигин бүтүргөн.

2000-2003-жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде окуп, "юрист" адистигине ээ болгон.

2007-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы башкаруу академиясынын "менеджмент" адистиги боюнча магистратураны окуган,

Эмгек жолу:

"Alma Group" ЖЧКсынын башкы директору.

2012-жылы КСДП партиясынын тизмеси аркылуу Бишкек шаардык кеңеште депутат.

2015-жылдын 26-октябрында Бишкек шаардык кеңештин төрагасы болуп шайланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан