Жайкы Азия оюндары: Кыргыз балбаны Айпери Медет кызы чейрек финалга чыкты

Кыргыз балбаны Айпери Медет кызы Жайкы Азия оюндарындагы күрөш боюнча кыз-келиндер арасындагы мелдештин чейрек финалына өттү.

Бүгүн, 21-августта Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдеште Кыргыз балбаны Айпери Медет кызы 76 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, чейрек финалга аттанды. Жарым чейрек финалда Айпери балбан индонезиялык Ридха Ридван менен кез келди. Беттештин жүрүшүндө Айпери Медет кызы 12 упай топтоп, 12:0 эсеби менен жеңишке жетти. Муну менен Кыргыз балбаны чейрек финалга өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kairat1996
2018-08-21 13:31:08
Бизде спорт жагынан эркектерге караганда кыздар кыйын экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан