КҮНСЕРЕП: Сапар Исаковго жалаа жабуу аракети ишке ашпай калды

Бүгүн, 24-август. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы төрагасы Болсунбек Казаков экс-премьер Сапар Исаковду “коррупция менен күрөшүү аракетимден улам мени мыйзамсыз кызматтан бошоткон” деп айыптап чыкты. Мындай билдирүүсүн камакта отурган Казаков өзүнүн жактоочулары аркылуу интернет баракчасына жарыялаган. Жергиликтүү ЖМКлар бүгүн Маммүлктү башкаруу фондунун мурдагы жетекчисинин мындай кайрылуусун жаӊылыктар түрмөгүндө бөлүшүп жатышты. Сооронбай Жээнбеков премьер кезинде фонддо көп ийгиликтер болуп, көп иштер жасалып, өкмөт башына Исаков келген соӊ коррупцияга каршы күрөш өкмөт башчылыгы тарабынан колдоого алынбай, тескерисинче, бут тосуулар болду дейт экс-чиновник. Учурда бийликте турган адамга карата ачык жагынуу менен бийликтен кетип, асманына кара булут айланып калган адамды жамандоо кыргыз саясатындагы классикалык жорукка айланып кеткен адат. Мындай адаттын мамлекеттин өнүгүшүндө пайдасы көппү, же залалыбы, аны өзүнчө окуу курал катары жазып чыкса болчудай.

Казаков Жээнбеков өкмөт башчылыктан кеткен соң "Кыргызтелекомдун" базасында "Коопсуз шаар" долбоорун жана мамлекеттик маанидеги документтерди "Учкун" ишканасынан даярдоо аракети да ишке ашпай калган дейт.

Мындан 1 жыл мурун Казаков таптакыр башкача сүйлөчү. Алсак, былтыр ал "Кыргызда мамлекеттик маанидеги документтерди даярдоочу ишкана түзүүгө мүмкүнчүлүк жок" экенин айтып, аны казынада акча жоктугу менен түшүндүргөн. Ал кезде Жээнбеков кетип, Исаков коррупцияга каршы күрөшүүгө бут тосуп жатат деген шылтоо жок эле. Болсунбек Казаков көп жыл Маммүлк фондунда иштеген адам. 2000-жылдан 2011-жылга чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунда башкы адис, бөлүм башчы, төраганын орун басары болуп иштеген. 2011-2014-жылдары Экономика министрлигине караштуу Департаментти жетектеп, 2014-2017-жылдары Монополияга каршы мамлекеттик агенттикти башкарды. 2017-жылы январдан ноябрга чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп турду. Аталган фонд көзөмөлдөгөн тармакта коррупциянын жайылышына, мамлекеттик ишканалардагы эффективдүү эмес башкаруунун орношуна Маммүлктө көп жыл иштеген Казаковдун да "салымы" бар.

Быйыл апрелде Казаков ИИМ тарабынан кармалып, камакка алынган. Экс-чиновник убагында Максим Бакиевге таандык болгон Бишкектеги 48 VIP-коттеджди арзан сатып жиберүүгө шектелүүдө. Ушул эле окуяга ал кездеги өкмөт башчы Сапар Исаковдун катышы бар деп убагында маалыматтар тарап, журналисттик иликтөө да жасалган. Укук коргоо органдары ал иликтөө канчалык чындыкка жакын, же алыс, тактап чыгыша элек. Сапар Исаков Бишкек ЖЭБин жаңылоо ишинде кытайлык ТВЕА компаниясынын кызыкчылыгын көздөгөн деп коррупцияга айыпталып, учурда УКМКнын тергөө абагында.

Күн аягында Казаковдун бул билдирүүсү интернеттеги баракчасынан "жоголуп" кетти. Бул "жоголууга" караганда мурунку премьерге Максим Бакиевдин VIP-шаарчасын арзан сатуу фактысы боюнча кылмыш ишин кошуу аракети ишке ашпай жаткан өңдүү ...

Премьер Мухаммедкалый Абылгазиевдин "Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен 75 255 жумуш орду түзүлдү" деген сөзү талкууга түштү. Жакында Ысык-Көлдө быйылкы аймактарды өнүктүрүү жылына арналган жыйында премьер бул фонд 267 миллион долларга 1064 долбоорду каржылады, натыйжада 75 255 жаӊы жумуш оруну түзүлдү деген. Өлкөдөгү Factcheck долбоорунун адистери анын бул сөзүн "цифраларды одоно бурмалоо" деп атап чыкты. Аталган фонддун маалыматына таянсак, Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунун түз каржылоосу менен 15 миӊ жаӊы иш оруну түзүлгөн. Калган 60 миӊи - фонддун каржылоосунун кыйыр тиешеси бар иш орундары. Түз жана кыйыр катышты Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунун жетекчиси Эркин Асрандиев минтип түшүндүргөн: "Эгер биз берген кредитке ишкер сахар заводун ачып, ал жерде 1500 адамга иш берсе - бул түз, ал эми кант кызылчасын өстүрүп, ал заводго жеткирип берген адамдар кыйыр түрдө түзүлгөн иш орундары". Асрандиев фонддун түз каржылоосу менен 16 миӊ адам иш менен камсыз болгонун айтса, фонддун пресс-кызматы 15 миӊ иш оруну түзүлгөнүн билдирди. Ал цифра премьер Абылгазиевге жеткиче 75 миӊге айланыптыр...

Жайкы Азия оюндарында биринчи алтын! Жиу-житсу боюнча мекендешибиз Төрөкан Багынбай уулу финалда жеӊишке жетип, Кыргыздын куржунуна бул жолку оюндардын алгачкы алтын медалын алып келди. Бул жеңиштен улам өлкө медалдык эсепте 44 мамлекеттин ичинен 17-сапка жылды. Коңшулар Өзбекстан менен Казакстан 7-8 позиция алдыда.

Буга чейин өлкө куржунунда 4 күмүш, 5 коло медаль бар эле. Акжол Махмудов, Иззат Артыков, Айсулуу Тыныбекова өӊдүү спортчулар жеӊишке бир-эки кадам жетпей калган соӊ “алтындан” үмүтү азая түшкөн кыргыз элине бул жеӊиш жагымдуу белек болду. Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндары 2-сентябрда аяктайт. Ага чейин Кыргыз өлкөсү үчүн алдыга жылууга дагы мүмкүнчүлүктөр бар...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан