Өкмөт Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун доосу боюнча чыккан райондук соттун чечимине карата доо арыз берди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өкмөттүн Соттук өкүлчүлүк борборунун директорунун орун басары Мирлан Дордоев билдирди.
"17-августта Райымбек Матраимовдун арызы боюнча чыккан Биринчи Май райондук сотунун чечимине карата шаардык сотко доо арыз менен кайрылдык", - деди Дордоев.
Жогорку Сотко кайрылганыбызда, 17-августта доо арыз түшкөнүн, ал арыз шаардык сотко жөнөтүлөрүн айтышты. Бирок аны шаардык сот кайсы күнү карай турганы белгисиз.
Эске салсак, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Матраимовду 2017-жылдын 23-ноябрында "иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет" деген жүйө менен Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан алган. 26-апрелде Матраимов "мени негизсиз жумуштан алды" деп Исаковду сотко берген. Матраимов жумуштан мыйзамсыз алынганын белгилеп, кайра өз кызмат ордуна дайындалуусу керектигин талап кылган.
25-июлда Биринчи Май райондук соту Райымбек Матраимовдун Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына кайра коюу боюнча чечим чыгарган.